Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 12:57

Убактылуу өкмөт башчысын кызматтан кетирүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланууда


БИШКЕК. Жогорку Кеңештин 21-апрелдеги отурумунда Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизүү тууралуу мыйзам долбоору талкууланды. Шайлоо кодексине премьер-министр баштаган өкмөт мүчөлөрү жана областтык, райондук администрация жетекчилери президенттик шайлоого талапкер катары катыша турган болсо өз кызмат ордун таштасын деген эреже киргизүү сунушталууда. Бул күнкү талкууда ондон ашуун депутат чыгып сөз сүйлөштү. Айрым депутаттар бул мыйзам долбоору кабыл алынса, өмөт башчылык кызматка башка адамды шайлоо зарылчылыгы пайда болуп, өлкөдө саясий туруктуулук бузуларын эскертишти. Ал эми долбоордун автору жана башка депутаттар мындай мыйзам долбоорун кабыл алуу президенттик шайлоонун адилеттүү өтүшүнө өбөлгө болоорун айтышып, депутаттарды мыйзамды колдоого үндөштү. Кызуу талкуудан соң депутаттар талаштуу беренеге бюллетень таштоо жолу менен жашыруун добуш берүү чечимине келишти. Эсептөө комиссиясы түзүлүп, добуш берүү 22-апрелде өткөрүлө турган болду.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG