Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:21

Акаевдерге таандык делген 42 ишкананын тизмеси дагы уланышы ыктымал


БИШКЕК. Кыргызстандын мурдагы президенти Аскар Акаевдин күйөө баласы, казакстандык ишкер Адил Тойгонбаевге байланыштуу кылмыш иши козголду. Бул тууралуу 21-апрелде өткөн маалымат жыйынында Аскар Акаевге, анын туугандарына, жакындарына байланышы бар мүлктөрдү териштирүү боюнча мамлекеттик комиссиянын мүчөлөрү билдиришти. Бирок, кылмыш иши кандай негиз менен козголгондугу кабарланган жок. Комиссия төрагасы, вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн үлүшү бар деп эсептелип жаткан 42 ишкананын тизмеси дагы узарышы ыктымал. Бул ишти териштирүүнү акырына чыгаруу максатында комиссия Болот Жанузаков, Айдар Калиев, Кубанычбек Жумалиев, Ташкул Керексизов, Мурат Малабаев өндүү жарандарды кызматташууга чакырды. Ошондой эле Данияр Үсөнов аларга эч кандай куугунтуктоо болбой тургандыгын белгиледи. Анын айтымында, эки аптадан берки иш-аракеттердин тыянагы көмүскө ишкердикке кеткен 150 миллион сом каражаттын башын ачкан. Комиссия ишин бир ай аралыгында жыйынтыктай тургандыгы да ушул маалымат жыйынында кабарланды.

XS
SM
MD
LG