Линктер

шаршемби, 7-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:33

Аскар Акаевдин кызы жана уулу жакында парламентке келишет


БИШКЕК. Кызматтан четтетилген президент Аскар Акаевдин кызы Бермет Акаева жана уулу Айдар Акаев жакында парламентке келишип, депутаттык милдетин аткара башташат. Бул тууралуу Бермет Акаева 21-апрелде «Азаттыктын» кабарчысы менен болгон берген маегинде билдирди.
- Ошон үчүн мен бул жакка келдим. Бизге кысым болсо да ишибизди улантабыз. Жакында Айдар да келип өз ишин уланат-деди Бермет Акаева. Мындан бир нече күн илгери Бермет Акаева парламент имаратына келгенде жарандык коомдун өкүлдөрү Жогорку Кеңештин имарат алдына нааразылык иш чарасына чыгышкан. Алар Акаевдин кызы менен баласынын парламенттен кетишин жана Жогорку Кеңешти таратууну талап кылышкан. Ал эми Бермет Акаева «Азаттыкка» берген интервьюсунда кыргыз эли бизге эч убакта каршы болбойт деген пикирин айтып, жогорудагыдай митингдер жасалма жол менен уюштурулду деген оюн билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG