Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:45

ЫҢКЫЛАП, БИЙЛИК, ЭЛ: УТКАНЫ КИМ, УТТУРГАНДАР КИМДЕР?


Бекташ Шамшиев 24-марттагы окуялар ушу тапта кыргыз басылмаларында кызуу талкууланууда. Чириген режимдин ордуна кимдер келди? Кимдин мөрөйү үстөм чыгып, жаамы журттун күткөн үмүтү акталдыбы? Башмыйзамда жок элдик ыңкылапты укук короосуна киргизүү далбасасынын артында кимдердин саясий кызыкчылыгы башбактап турат?

Элдик ыңкылаптан соң бир да киши Кыргызстанда Акаевди ачык колдоп чыккан жок, «тескерисинче, кечээ этегине жыгылып, колуна суу куюп куюндап жүргөндөр телевизор, гезит, трибуна талашып, Акаевди ашатып атыр. Мен дагы Акаев режиминен муш жегем» деп көзүн көк боек менен боегондор көп», деп жума күнкү «Агым» гезитинде Алым Токтомушев жазды.

Автордун ырасташынча, бийликте өзгөрүү болгон жок. Анткени «бийлик, таасир талаш «укук чөйрөсү» деген «буйлаланган төөнү» ойлоп чыгарып, Акаев режими менен азыркы төңкөрүштүн төркүнүн бир өтүктүн кончуна тыкты».

Баарын укук чегинде жасоо «Бакиев менен Куловдун, Текебаев менен Бакиевдин таасир, так талашынан жаралды». «Курманбек Салиевич бул жерде өтө коркоктук кылды, Куловдун аргументине каршы аргумент, жүйөсүнө жараша жүйө көтөрө албады, акырында алыска акыл айланткан стратег эмес, жеке өзүнө же өз бийлигине ыңгайлуу позиция издеген тажрыйбалуу аппаратчы катары гана көрүндү», дейт макала автору.

Үзөңгүкууш маселесин көжөлүп көтөрүүдөн тажабаган депутаттарга каршы иш козгоп, аларды камоону а кездеги президенттик администрация башчысы Аманбек Карыпкулов жеке өзү буйрук берген, деп маалымдайт 2001-жылы Жалалабад облустук прокурору болуп иштеген Кубанычбек Бакиев. Анын пикири боюнча, укук коргоо органдарын саясий куугунтуктоолорго пайдаланып, өз элине чыккынчылык кылган А.Акаев жоопко тартылышы керек.

Жума күнкү гезиттерде айтылуу дарыгер Жеңишбек Назаралиевдин каты жарыяланууда. Жаамы дүйнөнү таңдандырып кыргыздар элдик ыңкылапты ишке ашырды. Аны коштой чапкан талап-тоноочулукту деле түшүрүүгө болот. Европа өлкөлөрүндөгү ыңкылаптан кийин башаламандыктар айлап созулган. Бирок да биз ыңкылапты Акаевдин балдары парламентте отурушу үчүн жасаган эмеспиз, дейт Жеңишбек Назаралиев. Айтылуу дарыгер президенттик шайлоого талапкер катары катышарын ырастап, анын себеби катары бүгүнкү бийликте деле кечээки брежневдик-горбачевдук-ельциндик номенклатуранын адамдары турганы менен түшүндүргөн.

«Кудайдын көзү кыргызга түз экен, абал терс тарапка ообой А.Акаевдин өлкөдөн (кээ бир жакындарынын айтымында) ботодой боздоп чыгып кетиши менен токтоп калды. Бирок, али да граждандык согуш коркунучу мамлекет кыйырынан кете элек. Анын антип баш багып туруусуна келе жаткан президенттик шайлоо себепчи», деп жазат жума күнкү «Аалам» гезитинде Семетей Талас уулу.

Автордун ырасташынча, ушу тапта жаңы парламент Шайлоо кодексине өзгөртүү киргизип, К.Бакиевди кызматын таштап шайлоого барышын талап кылган мыйзамды чекти киргизүүдө. «Өзгөрүлгөн мыйзам күчүнө кирип К.Бакиевдин премьер-министрлик кызматын тапшыруу мөөнөтү эртелесе анык саясий канды-булоон ошондо башталат», дейт макала автору.

Жаңы парламент «карышкыр мүнөз, түлкү кыял». Ал «азыртан ноктолонбосо акаевдик клан кайра бийликке келүү коркунучу турат. Мына, Бермет Акаева келди, «үй-бүлөнүн» башы сыртта болгону менен денеси дале Кыргызстанда», дейт Семетей Талас уулу.

Парламент шайлоонун чуусунан кутулалбай жатып Кыргызстан эми президент шайлоого баратат. Чоң кызматка талапкерлер тууралуу жума күнкү «МСН» гезитинде Вячеслав Тимирбаев ой жүгүртөт.

Ал эми парламент шайлоого А.Акаевдин жакшы көргөн кызы кантип катышканы, ага кимдер колдоо көрсөтүп, депутаттык орун кандай жолдор менен келгени Александр Кимдин «Бермет Акаева кантип Жогорку Кеңештеги ордун сатып алды?» деген макаласында баяндалат.

Убактылуу өкмөт элден колдоо алыш үчүн убада берип, тил эмизүү менен алек болууда, деп белгилейт «Кыргыз руху» гезитинде Ырыскелди Ыбышев. Мындай олку-солку кезде коммунисттер гана элди алдыга сүрөп кете алышкан, дейт автор.

Президенттик шайлоонун алдындагы саясий кырдаалга «Бишкек таймс» гезити да жума күнкү санында кайрылды. Негизги эки талапкердин бири Ф.Кулов шайлоого барар-барбасын ачык айта элегинде эле аны катарына кошуп «Кулов мени менен» дегендер көп чыгууда, деп белгилейт журналист Базарбай Гапаров.

Ушул эле гезитте жарыяланган макаласында журналист Эмилбек Момунов Кыргызстан ушу тапта парламенттик башкарууга даяр эместигине токтолуп, азыркы парламент турганда андай сөздү айтыштын өзү осол деген тыянак чыгарат.
XS
SM
MD
LG