Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:22

Казакстанда саясый-экономикалык реформа улантылат


Казакстандын президенти Нурсултан Назарбаев Грузия, Украина жана Кыргызстандагы башкаруучу бийликти кулаткан элдик ынкылаптардын себептерин аңдап-түшүнгөнүн билдирди. Билдирүү Алматыда өтүп жаткан эл аралык Евразия медиа форумунда жасалды. “Өнүгүү стратегиясынын жана экономикадагы реформанын жоктугу түрткү болгон жакырчылык жана жумушсуздук ынкылапка алып барды. Казакстанда алардан айрымаланып, “эркин жана ачык коом” түзүлгөн”, - деди Назарбаев. Ал ошондой эле өлкөдө саясый-экономикалык реформа, анын ичинде сот жана маалымат тармактарын реформалоо улантыла берет деп убада кылды.
Казак президентинин кызы Дарика Назарбаева жыйында сүйлөп:

-Акыркы мезгилде дүйнөлүк саясатта демократияны экспорт кылуу жараяны, либералдык коомдун үлгүсүн жана баалуулуктарын салттуу жол менен өнүгүп бараткан өлкөлөргө жадесе күч менен таңууланып жатканы айкын болууда. Аларга баа бербей эле койолу. Бирок, маалымат каражаттарынын бул саясый жагдайдагы орду тууралуу ой жүгүртүп көрөлүчү. Алар бир катар өлкөлөрдөгү саясый системасы өнүкпөгөн деген аныктамага ишениши керекпи? деди.

XS
SM
MD
LG