Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:07

НАТО-Россия ортосундагы аскерий кызматташууну дагы бекемделет


НАТОго мүчө өлкөлөрдүн тышкы иштер министрлеринин Вильнюстагы жыйынында НАТО-Россия ортосундагы аскерий кызматташууну бекемдөөгө багытталган келишимге кол коюлду.
Келишим куралдуу күчтөрүнүн чогуу машыгуу өткөрүүсү жеңилдетип, НАТОлук аскерлердин Россия аркылуу ары-бери катоосун мүмкүн кылат. НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скефер келишимдин мааниси тууралуу:
-Мени НАТО-Россия кызматташуусундагы бурулуш окуя абдан кубандырды. “Тынчтык үчүн кызматташуу” программасына катышкан өлкөлөрдүн куралдуу күчтөрүнүн статусу жөнүндөгү келишимде эми Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лваровдун кол тамгасы турат. деди.
Ал эми НАТОнун өкүлү Жеймс Аппатурэйдин маалымдашынча:(
- Келишим чогуу машыгууга өбөлгө же мүмкүндүк түзөт. Аскерлерди жана жабдууларды өлкөлөр аркылуу өткөрүүгө мүмкүн болот. НАТОнун куралдуу күчтөрү жөнүндөгү келишим мурда НАТО өлкөлөрү, ошондой эле Тынчтык үчүн кызматташуу прогрмаасына катышкан өнөктөштөр ортосунда болчу. Жаңы келишим НАТО жана Россия чогуу машыгуу өткөрүүсүнө, НАТОлук күчтөрдүн Россияда жана россиялык күчтөрдүн НАТО өлкөлөрүндө болуусуна жол ачат.
НАТОнун башкатчысы Яап де Хооп Скефер уюмдун министрлери Украинага “Евро-Аталантика коомчулугу” менен тыкыс кызматташууга алып барчу реформаны жүргүзүүгө жардамдашаарын билдирди.
Кызматташуунун жакшыртуу чечими НАТО менен Украинанын карым-катнашындагы жаңы баскыч болот деген ишеничин айтты Украинанын тышкы иштер министри Борис Тарасюк.

XS
SM
MD
LG