Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:31

БЕРМЕТ АКАЕВА: «АТАМ ЭЧ УБАКТА БИЗНЕС ЖАСАГАН ЭМЕС»


21-мартта Аскар Акаевге жана анын үй-бүлөсүнө, тууган-туушкандарына жана анын чөйрөсүнө тийешелүү мүлктөргө байланыштуу маселелерди иликтей турган мамлекеттик комиссиянын төрагасы - вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов жана комиссия мүчөлөрү Болот Шерниязов, Александр Ким, Эркинбек Мамыров маалымат жыйынын өткөрдү. Данияр Үсөновдун айтымында комиссиянын иши жалпы экономикага жакшы таасирин тийгизмекчи. Анткени Аскар Акаевдин тушунда кирешелүү ишканалардын акчалары көмүскө жол менен Аскар Акаевдин үй-бүлөсүнүн жана анын жакындарынын чөнтөгүнө түшүп турган. Бирок мындай маалыматтарды Бермет Акаева «Азаттыкка» берген интервьюсунда туура эмес деп билдирди.

“АКИпресстеги” маалымат жыйынынан келаткан жолдо экс-президенттин кызы Бермет Акаевага жолугуп, Данияр Үсөновдун айткандарына карата анын пикирин угууга мүмкүнчүлүк алдык. Анткени Бермет Акаева “Азаттыктын” кеңсесине жакын жерде жашайт. Бермет Акаева менен биз комиссиянын иши жана экс-президенттин үй-бүлөө мүлкү, байлыгы тууралуу маек курдук.

- Бермет айым, жакында президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиевдин жарлыгы менен мамлекеттик комиссия түзүлдү. Ага кандай карайсыз?

- Мен гезитке чыккан жарлыкты окудум. Ошол мыйзамдын күчү кандай, мыйзамдуу болобу же мыйзамсызбы, Конституцияга, Кылмыш кодексине кандай болот деп азыр сүйлөшүп атам юристтер менен.

- “АКИпрессте” вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов, вице-спикер Болот Шерниязов, “МСН” гезитинин башкы редактору Александр Ким жана юстиция министринин милдетин аткаруучу Эркинбек Мамыров төртөө пресс-конференция өткөрүштү. Ал жерде айтылды - Аскар Акаевдин үй-бүлөсү башка адамдардын наамы менен фирмаларды каттатып, ошолор аркылуу мамлекеттик мүлктү, байлыкты чет мамлекетке офшордук зоналар аркылуу алып кетип турган деп. Бул канчалык чындык?

- Бул сөздөрдө эч кандай чындык жок. Мамлекеттин акчасы биз аркылуу эч жакка кеткен эмес. Бизнести текшерсе текшере беришсин! Мен аны жашырбайм - менин жолдошум Бишкекке көп инвестиция алып келип, бизнес жасап жүрчү. Аны азыр деле, жарлык чыга электе деле текшерип атышат. Менин жолдошум дайыма таза.. мыйзамды карап иштечү... Жакшы издесе бир нерсени табышат да эми. Бирок менин жолдошум эч кандай мыйзамды бузбай иштеп жүрчү. Ал эми “подставной лица” деген сөздөрдү билбейм, мүмкүн Данияр Токтогулович өзү бизнесмен, ошол технологияларды, алгоритмдерди жакшы билсе керек. Мен андай терминди билбейм, каалабайм.

- Сиз айттыңыз: “жолдошум Адил Тойгонбаев бизнес кылат” деп. Эгер жашыруун болбосо кайсы тармактарда, кандай бизнес кылат?

- Менин жолдошумдун аэропортко авиакеросин алып келген компаниясы бар. Ошол эле.

- Медия тармагындагы “Вечерний Бишкек”, “КООРТ”, “Айрек” рекламалык агенттигин дагы сиздердин үй-бүлөгө тиешелүү деп айтып жүрүшөт?

- Биз жардам берип жүргөнбүз, бирок мен алардын структурасын билбейм. Мен өзүм эч качан бизнес жасап көргөн жокмун. Ошондуктан азыр айта албайм.

- Ушундай маалымат болду - Адил Тойгонбаевге карата Улуттук коопсуздук кызматы кылмыш ишин козгоду деген. Ушул чынбы?

- Анысын билбейм. Аны мен өзүм гезиттен, интернеттен эле окудум. Өзүңүз көрдүңүз азыр эле СНБнын (улуттук коопсуздук кызматынын) балдары короодо жүрүшөт, мен “кылмыш ишин ачтаңырбы, эмне болуп атат, эмне үчүн келип атасынар?” деп сурасам, алар “билбейбиз, биз бул жакка башка иштер менен - машине боюнча келдик” деп айтып атышат. Себеби күн сайын бул жерде короодо турушат. Менин артымдан жүрүшөт. Билбейм, мага эч кандай официалдуу кат же уведомление келген жок СНБдан. Мүмкүн эч кандай деле кылмыш иши жок, жөн эле коркутуп, психологиялык жактан сес көрсөтүп коёлу деп маалыматты чыгарып атышкандыр.

- Ушул комиссиянын ишинен улам коомчулукта айрым суроолор пайда болуп атат, мисалы, кайсы ишканаларда, компанияларда сиздердин үлүштөр бар?

- Мен тизмени жакшы караган жокмун. Биринчи карашым керек. Мен өзүм бизнес жасабай жүргөндөн кийин, билбейм. Жолдошум карайт го, мүмкүнчүлүк болсо мен сөзсүз жеткирем. Ошол Указды өзү көрсүн, өзү карасын, мүмкүн тааныштарынын компаниялары түшүп калды ошол жакка, көрөбүз да. Бирок менин атам эч качан, эч кандай бизнес жасаган эмес, эч кандай тиешеси жок... Өзүңүз көрүп атасыз биз тууралуу эмне деп гана айтышпады, бир топ миллиондорду, миллиарддарды (чет өлкөгө) кетирди деп айтып атышат. Ошол миллион, миллиарддарды кетирсек мен ушул үйдө турат белем. Убакыт, тарых чындыкты, калпты баарыбир көрсөтөт. Азыркы комиссиянын объективдүүлүгүнө такыр ишенбейм. Себеби азыр деле жасап аткан иштерин көрүп атам, айтып аткан сөздөрүн угуп атам. Алардын максаты бизди талкалоо. Азыр да көп репрессияларды жүргүзүп атат. Ырасмий жыйында биринчи керекте Акаевдин туугандарын жумуштан айдаш керек деп атышат.

- Айткандарыңыздан улам суроо чыгып атат, Акаевдин туугандарын, жакындарын кетиргиле деп туруп бир топ кишилерди кызматтан алып атат дедиңиз. Кадр саясаты (мурда) кандай жүргөн деген ойдосуз?

- Кадр саясаты эч кандай убакта, эч кандай коомдо жакпайт. Бирок атам Кыргызстанды эң татаал, эң кыйын убакта президент болуп башкарды. Алгачкы учурларда кандай жакырчылык, укмуштуудай жаман-жаман мезгилдер болду. Он беш жылда бир топ жакшы жыйынтыктарга алып келди. Аны мен айтпасам болбойт. Азыркы өкмөттүн ордунда болсом биринчиден башка проблемаларга карайт элем. Канча проблема бар, жер алып жаткандар бар, эл коркуп атат. Мисалы, менин шайлоочуларым орустар, кыргыздар “эмне үчүн ушундай болуп атат, эмне үчүн стабилдүүлүк жок, элди эмне иштетпейт?” дешет, мен билбейм өкмөт эмне үчүн ушундай иштерди жасап атышат.

- Сиз Кыргызстанга кайтып келгенден кийин айрым адамдар нааразычылык билдиришкенин жакшы билесиз да. Ошолорго карата пикириңиз кандай? Сиз депуттатык мандатыңызды акыйкат, таза жол менен жеңип алгамын деп ишенесизби?

- Ооба. Ар кандай нааразычылык болот. Мүмкүн мени да жактырбаган, жакшы көрбөгөн кишилер бар. Мындай нерселер демократиялык коомдо, эркин өлкөдө дайыма эле болот. Бирок Жогорку Кеңештин жанында турган кишилер биринчи күнү, экинчи күнү чыккан. Көбү алар Бишкектен эмес, башка облустардан башка депутаттарга каршы болуп келишти. Бир жумадай турушкан. Экинчи күнү мисалы Дооронбек Садырбаевге каршы чыгышты ошол эле кишилер. Демократиялык коомдо баары эле болот, тилекке каршы, мага каршы болгондор пикетке чыга берет. Бирок мен абдан татаал, абдан активдүү шайлоо кампанияны өткөрдүм. Мага каршы менин эле оппоненттерим эмес, бүткүл оппозиция иштеди, бул жашыруун сыр эмес го азыр...

- Сиздин мандат алышыңызга бийлик жардам берди деген сөздүн канчалык чындыгы бар?

- Президенттин кызы болгондон кийин, албетте бийлик жардам берди деп айта беришет. Биринчиден, мен шаарда өттүм. Баары көрүп, байкоо салганга мүмкүнчүлүк болду. Өзгөчө эларалык уюмдар көп көңүл буруп, АКШнын Кыргызстандагы элчиси Стивен Янг мырза өзү менин округумду көзөмөлгө алды, бир жолу мени менен сүйлөштү шайлоонун ортосунда.

- Мындан ары депутаттык ишиңизди улантайын деген ниетиңиз барбы? Иниңиз Айдар Акаев мындан ары кандай иш жүргүзөт?

- Мен дагы, Айдар дагы сөзсүз депутат катары иштейбиз. Эртеңби же бүрсүгүнүбү - билбейм качан Борбордук шайлоо комиссиясы чогултат... Мандатымды алып койбосо эле мен сөзсүз шайлоочуларым үчүн иштейм.

- Ал эми Аскар Акаев менен Майрам Акаева ушул тапта кайда жана алар Кыргызстанга келейин деген ниеттери барбы?

- Азыр Москвада, алар эми гана өздөрүнө келе башташты. Сөзсүз Кыргызстанга келишет убакыт келгенде.

- Сизге чоң рахмат убактыңызды бөлүп, бизге маек куруп бергениңизге.

- Сизге да ырахмат.

Маектешкен Кубат Оторбаев

XS
SM
MD
LG