Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 00:39

ОРУСИЯ МЕНЕН НАТО КЫЗМАТТАШТЫКТЫ АРТТЫРУУ ҮЧҮН АТАЙЫН КЕЛИШИМГЕ КОЛ КОЮШТУ.


Төрөкул Дооров Бейшембиде Вильнюста Орусия менен НАТО ортодогу кызматташтыкты өркүндөтүү максатында келишимге кол коюшту. Документте НАТОго мүчө мамлекеттердин укуктук статусу жана “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасына кирген мамлекеттер тууралуу сөз болот.

Бир катар байкоочулар НАТО менен Орусия ортосундагы келишим ортодогу кызматташтыкты арттырууга багытталганы менен, ырасмий Москва НАТОнун кеңейишине дале көңүлү тынчыбай жатканын айтышууда.

НАТОнун баш-катчысы Яап де Хооп Схеффер бейшембидеги жолугушуу учурунда келишим дал ушул тынчсызданууларды жумшарта алат деп ишенээрин билдирди.

- “Тынчтык үчүн кызматташтык” программасына Орусиянын кошулушу биздин кызматташтыктагы маанилүү кадамдын болгонун күбөлөндүрөт. Ал, ошондой эле, үч жыл мурда Орусия-НАТО Кеңеши түзүлгөн учурда кызматташтыкты өнүктүрүүдө башталган аракеттер да ийгиликтүү ишке ашып жатканын далилдейт, - деди Яап де Хооп Схеффер.

Ал өз сөзүндө НАТО менен Орусия ортосунда байланышты түзүп турган Орусия-НАТО Кеңешинин ишин да жогору баалады.

Ал эми НАТОнун дагы бир өкүлү Жеймс Аппатурей аталган документ биргелешкен аскерий окууларды өткөрүүгө, Орусиянын аймагы аркылуу Ооганстанга НАТОнун аскер күчтөрүн алып өтүүгө уруксат берээрин билдирди.

- Келишим дароо эле күчүнө кирбейт. Алгач, аны Орусиянын Мамдумасы жактырышы лаазым. Биз мында кыйынчылыктар болот деп ойлобойбуз. Бирок ага кол коюлушу менен эле ал күчүнө кирбей турганын эскерте кетейин. Дагы бир катар техникалык чечилбеген маселелер калып жатат. Баардык проблемалар тез аранын ичинде чечилет, - деп айтты Жеймс Аппатурей.

Анткен менен, бир кичинекей пикир келишпестик Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров тарабынан айтылды. Лавров Беларусь республикасына санкцияларды киргизүү тууралуу жакында эле АКШ жана Евробиримдик айтышкан билдирүүлөргө кошулбай турганын белгиледи.

Шаршемби күнү кечинде АКШнын мамкатчысы Кондолиза Райс CNN телеканалына берген интервьюсунда Беларусту “Европадагы акыркы диктатордук режим” деп атаган эле.

- Мен, өзгөчө, Беларуста, Европанын так ортосундагы акыркы чыныгы диктатурада демократиялык өзгөрүүлөрдү көрө баштайсыздар деп үмүттөнөм, - деген эле АКШнын Мамкатчысы.

Вильнюстагы жолугушууда Украинанын НАТОго кошулуу маселеси да күн тартибинде болду. Бирок Кремлдин кыжырын келтирчү маселеден оолак болуп туруу ниетинде НАТОнун чиновниктери Украинаны мүчөлүккө алуунун так датасын аныктоодон баш тартышты.
XS
SM
MD
LG