Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:40

АКСЫ ОКУЯСЫНА АДИЛЕТ БАА БЕРИЛЕБИ?


Ырысбай Абдыраимов Жалалабат обулусундагы коомчулуктун пикири боюнча Аскар Акаевдин бийлигинин тушунда алты адамдын өмүрү кыйылган Аксы окуясына адилет баа берилген эмес. Аскар Акаев жана анын тегерегиндеги адамдар бийликтен кетишип, алардын ордун эми башкалар ээлешти. Эми 2002-жылдын 17-18-март күндөрүндө болгон кандуу окуяга калыс баа берилеби?

Бийлик алмашылган соң коомчулукта алты адамдын өмүрү кыйылып, кыркка жакын адам октон жарадар болуп, жүзгө жакыны уруп-сабалган Аксы окуясы адилет каралаарына үмүт пайда болду. Аксы окуясында жабырлануучуларды коргоо комитетинин төрагасы Жаныш Курбановдун көз карашында 2002-жылкы кандуу алааматты мыйзамдуу териштирүү соттордун иши.

- Мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартылыш керекпи, же жоопкерчиликке тартылбайбы ал боюнча мыйзамчылар, сот, бийлик органдары карашы керек - деди Жаныш Курбанов.

Облустук бийликтин коопсуздук жана укук коргоо органдары боюнча бөлүм башчысы Кадыр Бечеловдун ою боюнча убагында саясий баа берилген окуяда элге ок атууга буйрук бергендер жоопко тартылбай калган. Жабырлануучулардын арызынын негизинде ишти кайра ачуу зарыл.

- Жабырлануучулардын арыздары кайра каралышы керек. Жогорку соттун чечими акыркы чечим болуп, ал даттанууга жатпайт. Бирок ишти жаңы ачылган жагдайлардын негизинде кайра караса болт. Учурунда жогорку бийликте турган күнөөлүүлөр жоопко тартылбай калган. Ок атуучу куралдарды алып барып, элди атууга буйрук берген кишилер жоопко тартылбай - дейт Кадыр Бечелов.

Жалалабат шаарынын тургуну Сурма Кадырова өлгөн балдардын энелери азап чегип жатканда окуя каралбай калбаш керек деп эсептейт:

- Канчалаган адамдар бей күнөө эле өлүмгө дуушар болушкан. Аларды өстүргөн энелер азыр тирүү. Азыркы күндө алар ошолордун азабын чегип, аябай жаман акыбалда болушууда. Мен эне катары айтаарым ушул - бул иш каралбай калбаш керек.


Аксы окуясы учурунда ички иштер кызматкерлеринин токмогун жегендердин бири Табылды Жунусбаев Аскар Акаевдин бийлигинин учурунда калыс баа берилбеген окуя эми адилет каралат деген ишенимин билдирди:

- Үч жыл болсо дагы Акаевдин бийлиги учурунда эч кандай акыйкат чечилген эмес. Жаңы бийлик Аксы окуясына өзүнүн адилет юридикалык баасын берет деп үмүт кылабыз. Биз алар ишти туура карайт деп ишенебиз.

Бурма Мамбеталиева Аксы окуясын сыналгыдан көрсөтүп, элди дүрбөтүүнүн ордуна өлкөнүн келечегин ойлоону сунуш кылды:

- Бүт ой-туюмдардын баарын сыртка чыгара турган кез. Аксы окуясын ага кошумча кылып козгоп, кайра-кайра экрандардан көрсөтүп, газеталарга жазып, элди ого бетер дүрбөтүүнүн зарылчылыгы жок. Ал окуя боюнча калыш керек. Андан көрө келечекти ойлойлу. Стабилдүүлүктү сактайлы. Кыргыз мамлекеттин эртеңкисине кам көрөлү.

XS
SM
MD
LG