Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:36

АСКАР АКАЕВДИН МЕЗГИЛИНДЕГИ КОРРУПЦИЯЛЫК ИШТЕР ИЛИКТЕНЕ БАШТАДЫ


Бакыт Аманбаев Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Жогорку Кеңештин 22-апрелдеги отурумунда бир катар чуулгандуу окуялардын жана коррупциялык иштердин иликтениниши тууралуу маалымат берди. Анын айтымында, учурда Башкы прокуратура Аскар Акаевдин мезгилинде мыйзамсыз менчиктештирилип, бажы, салыктарды төлөбөй иштеген кирешелүү ишканалар боюнча текшерүү жүргүзө баштады жана анын жыйынтыгы жакынкы жүз күндүн ичинде коомчулукка ачык жарыяланат.

Азимбек Бекназаровдун маалыматы боюнча Башкы прокуратура учурда бир нече багытта иш алып барууда. Тагыраак айтканда, 24-мартта чагымчылык уюштургандарды аныктоо, мамлекеттик деңгээлдеги коррупциянын бетин ачуу жана парламенттик шайлоодогу башаламандыктарга алып келген себептерди иликтей баштады. Адегенде Азимбек Бекназаров 24-25-март күндөрү коомчулукка каршы уюштурулган аракеттер боюнча бир нече адам кармалып, сурак берип жаткандыгын маалымдады:

-Бүгүнкү күндө беш алты кишинин аты белгилүү болду. Бүгүн-эртең аларга күнөө коюлат. Айрымдары шектүү адам катары сурак беришүүдө. Алардын арасында чоң даражалуу мамлекеттик жетекчилер, депутаттар да бар. Соңку мезгилдери эл өзү келип, 24-мартта ким аларга акча, ак баш кийим, тамак бергендигин ачык айта башташты.

Андан аркы сөзүндө Баш прокурордун милдетин аткаруучу Аскар Акаевдин мезгилинде менчиктештирилип, бажы, салык төлөбөй иштеген 50дөн ашуун ишканалар боюнча текшерүү башталгандыгын билдирди. Ошондой эле, анын айтымында, Аскар Акаевдин баласына жана күйө баласына таандык делинген «Аалам сервис», «Манас интернешнл» «Бител» ишканалары боюнча кылмыш иши козголду. «Аалам сервистин» мүлктөрүн сатууга жана сатып алууга тыюу салынып, «Манас интернешнлдин» «Энергобанктагы» миллиондогон сомдук эсеби жабылды.

Мындан сырткары 1993-жылы 2 тонна алтындын дайынсыз жоголушу, «Кумтөр» ишканасынын ишмердүүлүгү жана башка буга чейин изилдене баштап, бирок жогорку бийлик өкүлдөрү тарабынан жабылып калган кылмыш иштери боюнча кайрадан тергөө жүргүзүлө баштады. Ошондой эле Азимбек Бекназаров Аксы окуясы маалында атылган атуулдар боюнча жаңыдан тергөө иши башталгандыгын жана тергөөнүн жыйынтыгы жакынкы жүз күндүн ичинде коомчулукка ачык жарыялана тургандыгын кошумчалды.

Ушул эле күнү журналистерге Аскар Акаевдин жана мурдагы мамлекеттик катчы Осмонакун Ибраимовдун иш бөлмөлөрүнөн 24-мартта табылган күндөлүктөрүнүн көчүрмөлөрү таратылып берилди. Бекназаровдун айтымында, Осмонакун Ибраимовдун жетекчилигинде референдум өткөрүү жолу менен Аскар Акаевди 2010-жылга чейин бийликте калтыруу боюнча даярдыктар көрүлүп, тиешелүү документтер даярдалган.

-Бул папка Осмонакун Ибраимовдун иш бөлмөсүнөн табылды. Ичинде миңдеген адамдын колу топтолгон. Президенттик шайлоого кол топтогондор билишет. Бул жерде орусча, кыргызча, өзбекче Аскар Акаевдин иш мөөнөтүн референдум аркылуу 2010-жылга чейин узартуу тууралуу ачык жазылган. Бул жерде кол топтогонго ким жоопкерчиликтүү, ким канча кол топтоору тууралуу толук көрсөтүлгөн. Демек мунун бардыгы Акүйдө даярдалган нерсе. -деди Азимбек Бекназаров.

Анын маалыматына караганда, Аскар Акаевдин жеке күндөлүгүндө парламенттик шайлоодо оппозициячыл депутаттарды өткөрбөө боюнча кандай аракеттер көрүлгөндүгү жана бул максатта Аскар Акаев мамлекеттик жогорку кызматтарда иштеген 102 адамдан канча акча алгандыгы толугу менен жазылган. Мына ошол 102-адамдын арасында Социалдык фонддун мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун да фамилиясы жазылган. Акматбек Келдибеков болсо убагында ушундай аракеттер болгондугун айтып, бирок Акаевге акча берген эмесмин деди.

-Ушундай акча топтолот экен деген сөз болгон. Бирок мага мынча акча бер деп бир дагы адам келген эмес. Чынында менде андай акча болгон да эмес. Ошондуктан Башкы прокурор мындай маалыматты аягына чейин чыгарып, далилдеп берсин. Мен эч кимге акча берген эмесмин. деди азыр Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеп жаткан Акматбек Келдибеков «Азаттыктын» кабарчысына.

Азимбек Бекназардун маалыматына Караганда, учурда Башкы прокуратура Аскар Акаевдин мезгилинде жасалган коррупциялык иштер боюнча ар тараптуу иликтөө жүргүзө баштады.

XS
SM
MD
LG