Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:36

ИСЛАМ ОЮНДАРЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ,САБАКТАРЫ


Кабыл Макеш 8-апрелден 20-апрелге чейин Сауд Арапстанда ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндары болуп өттү. Бул спорттук таймашууларга кыргызстандык спортчулар да катышып, 2 алтын, 2 күмүш жана 4 коло медаль менен кайтып келишти.

Сауд Арапстанда спорттун 12 түрү боюнча мелдеш өтүп, ага 53 мамлекеттин өкүлдөрү күч сынашты. Кыргызстандык спортчулар бул оюндарга спорттун 9 түрү боюнча катышууга ниет кылып, даярдык көрө башташкан. Тилекке каршы, бул мелдешке даярдык көрүлүп жатканда өлкөдө ыңкылап болуп, Туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча мамлекеттик комитеттин жетекчиси да алмашып, Улуттук олимпиада комитетиндеги талаш-тартыштын айынан команда толук курамы менен бул оюндарга барган жок.

Ушул мелдешке 28 кыргызстандык спорттун 5 түрү боюнча күч сынады. Ислам өлкөлөрүнүн биринчи оюндарына Кыргызстандан жеңил атлетика, сууда сүзүү, фехтование, оор атлетика, үстөл тенниси жана баскетбол боюнча команда барып, келди.

Эл аралык оюнга кыргыз туусун көтөрүп барган жигиттерден суучул Юрий Захаров 2 коло медаль утуп алган. Оор атлетика боюнча 69 килограмм салмактагы балбандардын күч сынашуусунда жаштар арасында Азия чемпиону Кутман Молдодосов бир күмүш жана 2 коло медал жеңип келди.

Ошондой эле 85 кг. салмакта кыргызстандык оор атлетчи, Афина олимпиадасынын катышуучусу, студенттер арасында дүйнө чемпиону Улан Молдодосов 340 кг. салмакты багындырып, 2 алтын медал тагынып, чемпион аталды.

Улан 150 кг. салмакты түртүп көтөрүп, ага күмүш байге ыйгарылган. “Сауд Арапстандагы оюндар жогору уюшкандыкта өткөнү менен дини бөлөктөргө өгөй мамиле болду” дейт Улан Молдодосов. Ал мындай көрүнүш спорт тынчтык тиреги, эл достугунун данакери деген ураандарга коошпой турганын айтты:

-Казакстандын оор атлетчилеринин негизин орус тилдүү өкүлдөр түзөт. Аларды биз жашаган эң ыңгайлуу 5 жылдыздуу мейманканага жаткырбай, Мекке шаарынын сыртындагы шарты начар мейманканага жайгаштырып койду. Аларга бизге түзүлгөн ыңгайлуу шарттардын бири да болбоду. Эгерде дини башкаларга ушундай мамиле болсо, анда ислам оюндарынын келечеги жок. Спорт - тынчтыктын элчиси, элдердин достугунун данакери деген ураандарга каршы келип, таасири жоголот. Спорт бул - диний ишенимдерге бөлүнбөгөн олимпиадалык кыймылдын бөлүгү эмеспи!? Ошондуктан Ислам оюндарында дини башка адамдардын укугу басмырланбашы керек. Бул жакта туруп, мен өзүмдү абдан ыңгайсыз сездим.

Кыргыз туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асанов Ислам оюндарынын жеңүүчүлөрүнүн аракеттери бааланып, сыйлыктар берилээрин белгиледи:

- Оор атлетчилердин даярдыгы дурус экен. Алардан Улан менен Кутман Молдодосов байгелүү орунга жетишип, Кыргызстандын намысын бийик көтөрдү. Ал эми фехтование боюнча Мирсаид Миржалилов менен Андрей Ханадеев эларалык оюнда төртүнчү орунга илинди. Суучул Захаров 2 коло байгелүү болду. Жеңүүчүлөргө алтын байге үчүн 5 миң, экинчи орунга 3 миң жана үчүнчүгө 2 миң америка долларынан сыйлык белгилегенбиз. Муну өкмөткө билдирип, атайын кат жөнөттүк.

Ислам оюндарына катышуу менен арап мамлекеттерине өлкөдөгү жагдайды туура түшүндүрүп, кыргыз спорту үчүн кызматташуу, жардамдашуу тууралуу сөз болгонун Кыргызстанга эмгек сиңирген машыктыруучу Өмүржан Молдодосов маалымдады:

- Бийлик алмашуунун айынан ислам оюндарына команда толук курамы менен катышпай калды. Оюндар жогорку деңгээлде уюштурулду. Мелдешке катышуу менен гана чектелбей араб өлкөлөрү менен кызматташуу тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздүк, келишимдерди да түздүк. Мындай оюндарга калыстардан көп барса жакшы болмок. Кыргызстандан жалгыз калыс болуп менен катыштым.

Кыргызстанда кийинки учурда спорт тармагы да коррупцияга батканын, спортчуларга көңүл бурулбай жаткандыгын туризм, спорт жана жаштар саясаты боюнча комитетинин төрагасынын милдетин аткаруучу Бектур Асанов маанилүү маселе катары белгиледи:

- Деги эле спортко болгон жергиликтүү калктын кызыгуусу төмөн болуп жатат. Бизде айрыкча айыл жергесинде спортко шыктуу балдардын багы ачылбай калууда. Кыргыз жигиттери чыкса, Кыргызстандын намысын коргосо жакшы эле болмок. Кыргыз спортун реформалоо зарыл.

Ислам өлкөлөрүнүн Сауд Арапстанда өткөн биринчи оюндарына каражаттын жоктугунан Кыргызстандын теннис, таэквандо жана кичи футбол боюнча командалары катышпай калды.

Ислам өлкөлөрүнүн экинчи оюндары эми төрт жылдан кийин Иран ислам республикасында өтмөк болду.
XS
SM
MD
LG