Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:26

ӨЗБЕКСТАНДАН КЕЛГЕН ГУМАНИТАРДЫК ЖАРДАМ КРЕДИТ ТҮРҮНДӨ ТАРАТЫЛАБЫ?


Кожогелди Кулитегин Элдик ыңкылаптан кийин Өзбекстан Республикасы Кыргызстанга гуманитардык жардам иретинде ири көлөмдөгү миниралдык жер семирткич жана пахта үрөнүн жөнөткөн. Ошол гумантардык жардам кредит түрүндө берилет экен деген сөз тарап, ага дыйкандар каршылык билдиришүүдө.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов Өзбекстандан жакында келген гумантардык жардам тууралуу буларды билдирди:

- Коңшулаш Өзбекстан Республикасынан келген 805 тонна, же 16 вагон пахтанын чигити үрөөн катары пайдаланылат. Ошондой эле 1725 тонна, же 16 вагон үрөөн минералдык азоттук жер семирткич келди. Үрөөн менен жер семирткичти республикадагы айыл жана суу чарба кайра иштетүү министрлиги өзү келип Анжияндан кабыл алып, обустун аймагына өткөндөн кийин Ош, Баткен, Жалалабат облустарына айдоо жер аянтына карата бөлүп берди.

Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримовдун бизге мындай маалымат берди:

- Минералдык жер семирткич Алай районуна 30 тонна, Араван районуна 65 тонна, Каракулжа районуна 50 тонна, Карасуу районуна 200 тонна, Чоңалайга 40 тонна, Ош шаарынын Жапалак айыл өкмөтүнө 5 тонна, ошондо 750 тоннаны Ош облусуна бөлдүк. Чигит боюнча Ош облусуна 275 тонна берилген болсо, мунун Алай раойнунун Жаңыалай айыл өкмөтүнө 5 тонна, Араван районуна 100 тонна, ал эми Карасуу районуна 170 тонна бөлүндү.

Ош облустук мамлекеттик акимчилигинин агрардык өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Жуманазар Камалов да Өзбекстандын гуманитардык жардамын кредит түрүндө таркатуу аракети жүрүп жаткандыгын танбайт:

- Негизинен ошондой көрсөтмө болгон, райондук деңгээлде кармап
тургула деп. Эгер Кыргыз өкмөтүнөн бул кредитке деп буйрук чыкса, ошол биринчи документтердин негизинде кайрадан документ түзүлүп коюлат. Азырынча бизге так көрсөтмө боло элек.


Ош облустук гуманитардык жардамды бөлүштүрүү комиссиясынын мүчөсү Алым Каримов да элге бөлүштүрүлүп коюлган минералдык жер семирткич менен чигитти эми кредит түрүндө документтештирип таратуу опол иш экендигин белгилейт:

- Дыйкандарга гуманитардык жардам болгондон кийин жакындан жардам катары таркатса жакшы болот эле. Эми муну айрыкча үрөөнгө, чигитке муктаж, колунда жок дыйкандарга берсе жакшы болмок. Кредитке алганга документ түзүш керек, залог кылыш керек, шарттары көп, механизм иштеп чыгыш керек. Бул өтө көп убакыт талап кылат. Үрөөндү бергенче, чигит тигиш мөөнөтүнөн кечигип калышыбыз мүмкүн.

Гуманитардык жардамды кредит түрүндө тараткан учур болгонбу деген суроого Алым Каримов төмөндөгүчө жооп берди:

- Гуманитардык жардамды кредитке, жеңилдетилген кредитке берилген учурлар болгон.

Карасуу районунун Кызылкыштак айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Немат Эргешов Өзбекстандын гуманитардык жардамынын айрым бөлүктөрү элге таратылып жиберилгендигин айтат:

- Гуманитардык жардамды аз камсыз болгон атуулдарга таркатып бергенбиз. Жардам болуп келген үрөөндү резервден алып төлөбөсө, элге кредитке документтерди топтоо өтө кыйын.

Ал эми дыйкан Сабыр Маккамбаев гуманитардык жардамдын кредит түрүндө таратылышын жоосунсуз жорук катары эсептейт.

- Өзбекстандан келген гуманитардык жардам жардам иретинде кетиш керек закон боюнча. Муну кредитке бериш мыйзамга туура келбейт. Өзбекстан укса уятыбыз чыкпайбы - дейт Сабыр Маккамбаев.
XS
SM
MD
LG