Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 10:36

ЖАПОНИЯ ТАРЫХЫЙ ФАКТЫЛАР ҮЧҮН КЫТАЙДАН КЕЧИРИМ СУРАДЫ


Төрөкул Дооров Жапониянын премьер-министри Юничиро Коидзуми жума күнү Азия жана Африка мамлекеттеринин башчыларынын Индонезияда өтүп жаткан саммитинде сүйлөгөн сөзүндө Экинчи Дүйнөлүк согуш учурунда жапон армиясы Азия мамлекеттеринде жасаган кылмыштары үчүн кечирим сурады.Буга чейин да ушундай эле маанайда кечирим суралган. Андыктан, ага ырасмий Бейжин кандай караары азырынча белгисиз.

Жапон премьери Коидзуми жогоруда айтылган билдирүүсүн 50 мамлекеттин президенттеринин башын бириктирчү саммит башталганга чейин жасады. Ошол мамлекет башчылардын арасында Кытай лидери Ху Дзинтао да бар.

Коидзуми, өз сөзүндө, “Жапониянын колониялдык башкаруусу жана агрессиясы Азиядагы көптөгөн элдердин кайгы-муңуна жана чоң жоготууларына себепкер болду” деди.

Ал “Жапония тарыхтын бул фактылары менен бетме-бет туруп, азыр чын дилинен ал боюнча кечирим сурай тургандыгын” айтты.

Жапония буга чейин да ушул маанайда билдирүүлөрдү жасап келгени белгилүү. Коидзуминин жума күнкү сөздөрү акыркы мезгилдерде Кытайда улам күчөгөн антижапондук маанайды басып, Кытай менен алаканы жакшыртууга багытталган.

Акыркы үч жума катары менен кытайлыктар көчөгө чыгып, жапониялык тарых китебинде тарыхый фактылардын жаап-жашырылышына нааразылык билдирип турушту. Анын үстүнө, Жапониянын Улуттар уюмунун Коопсуздук Кеңешинен туруктуу орун алууга жасаган аракеттери да кытайлыктардын жинин келтирди.

Британиядагы Кардифф университетинин өкүлү Кристофер Хууд көптөн бери Жапонияны изилдеп, бул боюнча дарс өткөрүп келатат. Ал Коидзуминин соңку билдирүүсү эл аралык масштабда өтө маанилүү окуя катарында кабыл алынаарында шек жок экенин айтат.

- Баардык эле жапон премьерлери Коидзумиге окшоп Ясукуни Чиркөөсүнө бара беришкен эмес. Ал ошонусу менен Кытайда жана Түштүк Кореяда өтө талаш-тартыштарды жаратып келген. Андыктан, анын бул жолу кечирим сураганы да дал ушул өңүттөн каралып, жогору бааланат, - деди британиялык эксперт Кристофер Хууд.

Айта кетели, Ясукуни Чиркөөсү 1853-жылдан тарта түрдүү конфликттер менен согуштарда каза тапкан 2 жарым миллион жапондуктарды эскерүүчү жай катарында таанымал. Анын бир жактуу каралбай жатышы да бекеринен эмес, анткени ошол адамдардын арасында көптөр аскерий кылмышкерлер деп табылган. Көптөгөн кытайлыктар жана түштүк кореялыктар аталган чиркөөнү жапониялык ультра-улутчулдукдун символу деп билишет.

Кытай азырынча Коидзуминин кечирим сураган билдирүүсүнө карата ырасмий оюн билдире элек. Бирок Бейжин жума күнү жапониялык 80 депутаттын Ясукуни Чиркөөсүнө барышын айыптаганы белгилүү.

Юйи Лу – Британиядагы падышалык Институттун тышкы байланыш бөлүмүнүн өкүлү, кытай боюнча эксперт. Анын оюнда, Коидзуминин акыркы билдирүүсү Кытай менен болгон ортодогу оор абалды жеңилдеткенге жардам берет. Бирок ырасмий Бейжин Токиодон курулай сөздөрдү эле эмес, конкреттүү аракеттерди күтөт.

- Жапон өкмөтү согуштагы кылмыштар боюнча 17 жолу кечирим сурады. Кытай тарап муну “жапондуктар бизден кечирим сурап койуп, анан ошол жапониялык кылмышкерлердин арбагына таазим этиш үчүн чиркөөгө барышат, бул – алардын чын дилден кечирим сурабай жаткандыгын билдирет” деп түшүнөт. Кытай азырынча жөн гана күтүү позициясын ээлеп турат, - дейт Кытай боюнча эксперт Юйи Лу.

Жапониянын премьер-министри Коидзуми ишембиде Кытай лидери Ху Дзинтао менен жолугуша тургандыгын, ошону менен катар, бир айга жакын мезгилден бери эки өлкө ортосунда уланып келаткан араздашууну токтотууга аракет кылаарын да кабарлады.
XS
SM
MD
LG