Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:38

23-апрелге аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Метеорологиялык борбордун шашылыш билдирүүсү боюнча, 23-24-апрель күндөрү Бишкек-Ош автожолдорунун 132-138 чакырым аралыктарында көчкү жүрүшү күтүлүүдө.

23-апрелде Ош, Жалалабат облустарынын айрым тоолуу жерлеринде гана күндүз күн күркүрөп, кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Калган облустарда жаан-чачын күтүлбөйт.

Абанын температурасы:
Талас облусунда түнкүсүн +9...+14, күндүз +24...+29 градус жылуу.
Сарыөзөн Чүйдө түнкүсүн +10...+15, күндүз +25...+30.
Жалалабат, Ош, Баткен аймактары боюнча абанын температурасы түнкүсүн +13...+18, күндүз +27 градустан +32 градуска чейин ысык болот.
Көл кылаасында түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус.
Нарын облусунда түнкүсүн +2...+7, күндүз +20...+25 градус жылуу
Бишкекте түнкүсүн +11...+13, күндүз +27...+29 градустун айланасында.

Жаңылыктарды даярдагандар Бүбүкан Досалиева , Айданбек Акмат уулу жана облустук кабарчылар.

XS
SM
MD
LG