Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:30

Акыйкатчы Турсунбай Бакир уулу Ысыккөл районунун эли менен жолугушту


ЫСЫККӨЛ. Акыйкатчыга адам укугу басмырланган жеке атуулдардан тарта ири мекемелерге чейин чечилбеген көйгөйлөр боюнча арыз-суроолор түштү. Кайрылгандардын көпчүлүгү күч органдары менен жер участокторду бөлүштүрүү комиссиясынын адилетсиз иштеп жаткандыгы, социалдык объектилерге бөлүнгөн каражаттардын берилбей жаткандыгы жөнүндө айтышты. Райондун жетекчилиги менен күч структуралары болсо бул дооматтардын чын төгүнүн аныктоо үчүн атайын топ иштээрин белгиледи. Жолугушуу аягында Чолпоната эли Ош, Бишкек сыяктуу эле Чолпоната шаарына да республикалык статус берүү маселесин көтөрүштү. Акыйкатчы мындай демилгени кубаттап, бул боюнча тиешелүү жетекчиликке кайрылаарын билдирди.

XS
SM
MD
LG