Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 10:01

О.Безбородова шайлоого катыша албайт


БИШКЕК. 22-апрелде Бишкектеги №11 Курулуш шайлоо округдук комиссиясы округдагы эки шайлоо участкасындагы кайра добуш берүүгө Ольга Безбородова талапкер катары катыша албайт деген чечим кабыл алды. Экинчи талапкер Кабай Карабековдун штабынан алынган маалыматка караганда, буга Ольга Безбородованын үгүт иштерин жүргүзүү тартибин бузгандыгы себеп болду. Ал кайра добуш берүү белгиленген 19-апрель күнү эле шайлоо участкасына барып, үгүт иштерин жүргүзгөн. Ал тууралуу шайлоочулар округдук комиссияга арызданышкан. Борбордук Шайлоо комиссиясынын басма сөз кызматанын башчысы Нина Муханинанын айтымында, эми Ольга Безбородова округдук комиссиянын чечимин жокко чыгаруу арызы менен БШКга жана сотко кайрыла алат.

XS
SM
MD
LG