Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 09:32

Коррупциялык иштердин бетин ачууга жүз күн керек


БИШКЕК. 22-апрелде Жогорку Кеңеште Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 24-25-марттагы окуялар, коррупцияга каршы күрөш, жер басып алуу жана Акаев баш болгон мурунку жетекчилердин иш бөлмөлөрүнөн табылган документтер жөнүндө маалымат берди. Бекназаровдун маалыматы боюнча, 24-марттагы окуяда 3 адам каза болуп, талап-тоноочулук 926 миллион сомдук зыян алып келген. «Алатоо» аянтындагы башаламандык боюнча кылмыш иш козголуп, Улуттук коопсуздук кызматы тергөө ишин жүргүзүүдө. Коррупция деп коомчулукка кеңири белгилүү болгон, бирок мурда жабылган иштердин баары кайрадан тергөөгө алына баштады. Алардын ичинде 1993-жылы Кыргызстандан Швейцарияга чыгарылып кеткен 1 тонна 857 килограмм алтын, мамлекетке ондогон миллион доллар зыян алып келген «Жибек жолу» долбоору, Кумтөр долбоору, Аксы окуясы, «Кыргызалтын» акционердик коомунун ишмердүүлүгү боюнча мурда ачылып, бирок токтотулуп коюлган кылмыш иштери бар. Козголгон кылмыш иштердин жыйынтыгын чыгаруу үчүн бизге жүз күн керек, деди Азимбек Бекназаров.

XS
SM
MD
LG