Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:57

Бакиев алгачкы иш сапарын Казакстанга жасады


БИШКЕК. 22-апрелде президенттин милдетин аткаруучу, премьер министр Курманбек Бакиев жетектеген делегация Казакстанга иш сапар менен барды. Ал Алматы шаарында казак президенти Нурсултан Назарбаев менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташуу маселесин талкуулашты. KZ.today маалымат агенттигинин кабарлоосуна караганда, Нурсултан Назарбаев Бакиев менен жолугушуудан кийин Казакстан Кыргызстанга бир миң тонна буудай жана 10 миң тонна күйүүчү май гуманитардык жардам иретинде берерин билдирген. Андан сырткары сүйлөшүүлөрдө Ысыккөл жээгиндеги Казакстанга берилиши каралган төрт пансионаттын тагдыры, Ташкент-Бишкек-Алматы газ түтүгү боюнча пикир алышуу болгон. Маалыматка караганда Назарбаев менен Бакиевдин жолугушуусуна вице премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов да катышты. Кыргыз делегациясынын ушул эле күнү Кыргызстанга кайтып келүүсү белгиленген.

XS
SM
MD
LG