Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 16:07

Иранда ири демонстрация болуп өттү


Ирандын түштүк-батышындагы Хузестан провинциясынын Ахваз шаарында кечээ күнү ири демонстрация болуп өттү. Ага катышкан миңдеген адам - андан бир апта мурда провинцияда болуп өткөн элдик толкундоого каршы пикир билдирди. Өлкөнүн 67 миллион калкынын үч кана пайызын арабдар түзөт, бирок алар Хузистанда көпчүлүктө жана мындан бир апта мурда арабдарга каршы мүмкүн көрүлө турган аракеттерге каршы чыккан. Толкундоолордун жыйынтыгында кеминде беш адам курман болду. Өкмөттүн айтымында, арабдардын таасирин жок кылуу максатында бийлик атайын чараларды даярдап жатат деген жалган маалыматты кимдир бирөөлөр эл арасында таратып жиберген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG