Линктер

шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:22

ЕККУ КӨЗ КАРАШЫН ӨЗГӨРТПӨЙТ


Төрөкул Дооров, Прага Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюму – ЕККУ – Орусия тарабынан катуу сынга алынды. Уюмдун Орусиядагы шайлоо тууралуу жүргүзгөн изилдөөсүнүн жыйынтыктарын орус бийликтери “саясий өңүтү бар” деп эсептешет.

Венада ЕККУнун жыйыны эми эле бүттү. Бирок шайлоолордун ачык-жабыктыгын аныктаган уюмдун жеке критерийлерине чоң өзгөртүүлөр деле киргизилген жок.

Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун ырасмий өкүлү Урдур Гуннасдоттир айым “жума күнү кечинде жабык эшиктер артында болгон талкуудагы ой-пикирлерди эми жакшылап изилдеп туруп, анан гана өзгөртүүлөрдү киргизүү зарылдыгын аныктоо керек” деди.

- Бул жолугушууда кайсыл багыт боюнча алга жылуу тууралуу эч кандай келишимдер болгон жок. Менимче, акыркы эки күндүк иш бизге бири-бирибиздин ойлорубузду угуп, уюмга мүчө мамлекеттерге өздөрүнүн көз-караштарын айтууга жакшы мүмкүнчүлүк берди. Эми айтылган сунуш-пикирлерди карап чыгышыбыз зарыл, - деди ЕККУнун өкүлү Урдур Гуннасдоттир айым.

Жолугушууда Орусиянын Борбордук Шайлоо Комиссиясынын төрагасы Александр Вешняков “ЕККУнун байкоочуларына өздөрүнүн аракеттеринде саясий жактан ачык болушу лаазым экендигин жана шайлоо өтүшү менен кечиктирилбей туруп, уюм өзүнүн ага “саясий баасын” бериши керектигин айтты.

Венадагы пресс-конференцияда Вешняков “ЕККУга мүчө 55 мамлекеттин айрымдары шайлоо процессинен пайдаланып, кээ бир өлкөлөрдүн ички проблемаларына киришүүгө далалат жасап жатышканын” айтты.
Ал ошондой эле уюмдун байкоочулары жана кеңешчилери шайлоо өтүп кеткенден кийин өз бааларын жарыя кылууну токтотсо дурус болоорун билдирди.
Вешняков “шайлоо боюнча талаш-тартыштар сот тарабынан чечилгенге чейин уюм ага карата өз баасын бербесе” деген сунушун да киргизди.
“Байкоочулардын баалары уюмдун туруктуу кеңешине жиберилип, такталгандан кийин гана жалпы коомчулукка жарыя кылынса болот” деди ал.

Кошмо Штаттары да Венадагы конференцияда активдүү катышып жатты. Ага АКШдан өкмөттүк делегация жана түрдүү уюмдардын өздөрүнүн адамдары келишкен.

АКШ өкүлү Жон Гейл аймактык шайлоо комиссиясын жетектейт. Анын айтымында, айрым мамлекеттер ачык жана акыйкат шайлоо өткөрүү үчүн ЕККУ коюп жаткан талаптар менен жашоого каршы экенин көрсөтүштү.
Талкууда негизги көңүл уюмдун Беларустагы жана айрым постсоветтик мамлекеттердеги шайлоолорго жүргүзгөн мониторингине карата Орусиянын
нааразылыгына бурулгандай болду.

Анын аралыгында айрым башка эксперттер болсо Орусия жана Словения тарабынан айтылган “шайлоо жөнүндөгү жаңы документ” тууралуу сүйлөштү. Бул өлкөлөрдүн оюнда, ЕККУ шайлоо боюнча башка документ кабыл алышы керек. Бирок уюмдун демөөрчүлөрү 1990-жылы Копенгагенде кабыл алынган документ иштей берээрин, болгону ага азыркы жаралган проблемаларды эске алган келишим тиркеле тургандыгын айтышты.

Уюмдун өкүлү Урдур Гуннарсдоттир айымдын оюнда, кандай гана жаңы келишимдер болбосун Копенгагенде кабыл алынган документтеги башкы идеяларга каршы келбеши керек.

- Биздин оюбузда, кандай өзгөрүүлөр болсо да, алар Копенгаген келишимине кошумча болушу мүмкүн, бирок аны кемитпеши керек. Анткени анда айтылгандар азырга чейин иштеп жатат, - деди ЕККУнун өкүлү Гуннарсдоттир айым.
XS
SM
MD
LG