Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:25

Жогорку сот шайлоочулардын колунда


БИШКЕК. №59-Чүй шайлоо округунан депутаттыкка ат салышкан Туратбек Андашевдин жактоочулары 23-апрелде Жогорку cоттун имаратына кирип алышып, Жогорку соттун жана Борбордук шайлоо комиссиясынын отставкасын талап кылышты. Ушул эле күнү Жогорку соттун алдында нааразылык билдирип турушкан депутаттыкка талапкер Токтосун Мадияровдун жактоочуларына ушул эле округдан депутат болуп шайланган Тайырбек Сарпашевдин жактоочулары келип ыдык көрсөтүшүп, кайым айтышуу болду.

22-апрелде түштөн кийин Туратбек Андашев менен Токтосун Мадияровдун жактоочуларынын 30га чукул өкүлдөрү Жогорку соттун имаратына кирип алышкан.
Ал эми 23-апрелде №6-Асанбай шайлоо округунун шайлоочулары Шарипа Садыбакасованын таламын талашып Өкмөт үйүнүн жанында нааразылык билдиришип, түштөн кийин Жогорку соттун имаратынын жанына келишип, Жогорку соттун төрагасын жана судьяларды отставкага кетирүүнү талап кылышты.

XS
SM
MD
LG