Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:55

Кытай өзүнөн-өзү толукталып туруучу энергияны иштеп чыгарууну максат кылууда


БОАО/ КЫТАЙ. Кытай өкмөтүнүн жооптуу өкүлдөрүнүн бири Жиа Киң Лиң анын өлкөсү өзүнөн-өзү толукталып туруучу энергия ресурстарын табуунун үстүнөн иштеп жатканын билдирди. Кытайдын БОАО деген курорттук шаарында өткөн экономикалык форумда ишкерлер, окумуштуулар менен расмий өкүлдөрдүн алдында сүйлөгөн сөзүндө ал Кытай энергиянын чоң керектөөчүсү эле эмес, эң ири өндүрүүчүсү да боло турганын белгиледи. Кытай Боаодогу форумду Швейцариянын Давос шаарында өткөрүлүүчү Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун түпспөлүндөгү регионалдык уюшмага айлантууну көздөйт.

XS
SM
MD
LG