Линктер

жекшемби, 11-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 08:55

Жакартада Кытай менен Япониянын лидерлери жолугушту


ЖАКАРТА. Жакартада Азия жана Африка өлкөлөрүнүн саммитинде Кытай менен Япониянын лидерлери жолугушту.
Бир саатка созулган сүйлөшүүдөн кийин Ху Дзинтао Япония менен Кытайдын ортосундагы талаш жалпы Азиядагы туруктуулукка залал тийгизиши мүмкүн, деп айтты. Япон өкмөт башчысы Дзюнихиро Койдзуми менен Кытайдын Мамлекеттик Кеңешинин төрагасы Ху Дзинтао эки өлкөнүн ортосундагы мамилелерди жумшартуунун жолдорун талкуулашты. Жума күнү япон мамлекет башчысы япон армиясынын Дүйнөлүк Экинчи Согуштун учурунда жасаган кылмыштары үчүн кечирим сураган. Япониянын бул кылмыштарды мойнуна алууну каалабаганы Кытайда зордукчул аракеттер менен коштолгон нааразылык акцияларына тамызгы болгон.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG