Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:01

МАМЛЕКЕТТИК КОМИССИЯ ЭКС-ПРЕЗИДЕНТТИН МҮЛКҮН ИЛИКТЕП ЖАТАТ


Ушул жумадан бери кыргыз өкмөтү түзгөн мамлекеттик комиссия экс-президент Аскар Акаев менен анын жакындарына тиешелүү үй, мүлктөрдүн кандай жол менен алынгандыгын иликтөөгө киришти. Башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров Акаевдин бийлиги учурунда жасалган мыйзамсыз иштер алдыдагы 100 күндүн ичинде анык болорун жарыя кылды. Ал эми экс-президент Аскар Акаев өзүнө тиешелүү мүлкү жоктугун байма-бай айтууда.

: Мамлекеттик комиссия экс-президент Аскар Акаевге, анын үй-бүлөсү менен жакындарына тиешеси бар деген үй, мүлк жайларды беш топко бөлүп иликтеп жатат. Комиссиянын төрагасы, вице-премьер министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөновдун айтымында, биринчи топ Акаевдин үй-бүлөсү менен жакындарынын тобуна кирген адамдарды жана аларга кайсы ишкана, жайлар тиешелүү экендигин иликтеп жатат. Калган топтор алардын салык, бажы, банк тармагы аркылуу мамлекеттик каражатты жана мамлекеттин менчигиндеги мүлктөрдү пайдаланган-пайдаланбаганын, ошондой эле биринчи президентке тиешелүү үй менен китепкана жана «Мээрим» фондусуна эмнелер кирерин тактап жатат. Андан тышкары комиссия менчиктештирүүгө жана жалпы улуттук байлык болуп эсептелген ишканаларга экс-президенттин катышын аныктоого аракет кылууда.

Мамлекеттик комиссия бул милдетти аткарууда коомчулук жардам берет деп үмүт кылып, «Мээрим» фондусунун жер-жерлердеги жана Бишкектеги имаратында коомдук кабыл алуу жайларын ачты. Ошондой эле экс-президенттин жанында жүргөн адамдарга карата «таза барак» деген программаны сунуш кылып, 24-марттан кийин алар таза жашоону баштоосу үчүн экс-президенттин мыйзамсыз иштери тууралуу өздөрү келип маалымат берүү шартын койду.

Данияр Үсөнов кийинки кезде Акаевге эң жакын болуп жүргөн 18 адамдын атын атап, эгер алардын аракеттери кылмыштуу болбосо, мурдагы иштери боюнча катуу сурак алынбасын да билдирди. Эгер аты аталган мурдагы мамлекеттик кызматкерлер өз ыктыяры менен маалымат берүүдөн баш тартышса, мыйзам чегинде маалымат берүүгө милдеттендирилет.

- Эгер бул адамдар мамлекетти иретке келтирүү үчүн мамлекет менен кызматташуудан баш тартышса, анда алар менен сүйлөшүү мыйзам чегинде катуу жүргүзүлөт, - деди Данияр Үсөнов.

Комиссиянын мүчөсү, Жогорку Кеңеш төрагасынын орун басары Болот Шерниязовдун баамында Аскар Акаевдин үй-бүлөсү менен жакындарына тиешелүү деп «МСН» гезити жарыялаган 42 ишкананын тизмеси дагы узарышы толук мүмкүн. Себеби, алар колун салбаган тармак калган эмес.

- Булардан башка алар кийлигишпеген бир да тармак калган эмес. Бардык ишкерлик үй-бүлө же аларга жакын адамдардын кийлигишүүсү менен жүргүзүлгөн. Ошон үчүн биз отун-энергетика, массалык маалымат каражаттары деп, өз-өзүнчө топкө бөлүп жатабыз, - деди Болот Шерниязов.

Ал эми Аскар Акаев бийликтен кеткенден кийин деле, ага чейин деле көп кабаттуу үйдөгү квартирасы жана машинасынан башка мүлкү жоктугун кайра-кайра жар салып, ага тиешелүү деген үй, мүлктөр жөнүндө оппозиция ойлоп чыгарган сөз деп келет. Ал тууралуу 29-мартта «Эхо Москвы» радиосуна берген интервьюсунда


- Бүтүндөй Кыргызстан Акаев менен анын үй-бүлөсүнүн менчиги деген ойдон чыгарылган сөз бар. Эгер оппозициянын ошол сөздөрүнө ишене турган болсок, Москванын жарымы дагы Акаевдики болуп чыгат, - -деп билдирген болчу.

Ушул жылдын февраль айында биринчи президентке арналып жарым миллион сомдук үй курулуп жаткандыгын жазып чыккан «МСН» гезитин жалган ушагы үчүн сотко берем деген Акаев кызматын өткөрүп алуу үчүн Москвага барган өкмөт мүчөсүнөн ошол үйдү берүүнү өтүнгөн. Ал тууралуу Транспорт жана коммуникация министринин милдетин аткаруучу Ишенбай Кадырбеков парламентте:

- Экс-президенттин мыйзамдуу статусуна ылайык Ысыккөлдүн жээгиндеги пансионаттан бир орун же жер берилет экен. Ошон үчүн мүмкүн болсо мага көлдөн бир жер берилсе, ошол жерге өз каражатыма эс алуучу жай куруп алсам деген оюн айтты. Экинчиси, «МСН» гезити бир үй жөнүндө жазды эле, ошону өз каражатыма курсам, анан ал үй биздин үй-бүлөнүн карамагында калса деген өтүнүчүн айтты.,- деп билдирген эле.

Экс-президенттин тун кызы Бермет Акаева болсо мамлекеттик комиссиянын үй,мүлк жөнүндөгү маалыматын такыр эле негизсиз деп четке кагууда:

- Бул сөздөрдө эч кандай чындык жок. Мамлекеттин эч бир каражаты биз аркылуу бир жакка кеткен жок. Ишкерликти текшере беришсин. Менин жолдошум Бишкекке көп инвестиция алып келип, таза, эч бир мыйзамды бузбай иштеп жүрчү.

Мамлекеттик катчы Дастан Сарыгулов болсо мамлекеттик комиссия коомдун нааразылыгын жараткан бул иштин өтөөсүнө чыгат деген бекем ишенимде:

-Эгерде турмушта калыстык болсун дей турган болсок, анда биз комиссиянын ишин аягына чыгарышыбыз керек. Антпесек элдин өкмөткө ишеними жоголот .

XS
SM
MD
LG