Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 04:42

АРМЯН “КЫРГЫНЫНЫН” 90 ЖЫЛДЫГЫ БЕЛГИЛЕНДИ


Жекшемби күнү дүйнө өлкөлөрүндөгү армян коомчулугу Түрк осмон империясынын акыркы жылдары жүз миңдеген алардын кандаштарын көчүрмө кылуусунун жана кыруусунун 90 жылдыгын белгилешүүдө. Биринчи дүйнөлүк согуш тушунда зобунга кабылган армяндардын урук-жааттары ондонгон жылдардан бери ата-бабаларынын канын төккөн калабаны геноцид деп таануу үчүн күрөшүп жүрөт. Азыркы Түркиянын өкмөтү 1915-жылкы кыргынды империянын курамындагы армяндарды тамыр курут кылууга багытталбаганын айтып, актанып келет.

Армяндар он жылы кем бир кылымдан бери айтып жүргөн кызыл кыргындын тарыхы мындай. 1915-жылы 24-апрелдин түнүндө Осмон империясынын байтакты Константинополдо (азыркы Станбул) армяндардын көрүнүктүү 250 маданий жана диний ишмери камакка алынып, өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрулат. Удаа эле армяндарга зобун көрсөтүү башталат. Өлкөдөн качкан армяндардын көбү каатчылыктан же мусулмандардын ыктыярдуу топторунун чабуулунда кырылат. Качып-тозуп аман калгандары Сириядагы Дейр эл-Зор лагеринде өлүм табышат.

Армяндардын ырасташынча, 1915-17-жылдары кеминде 1 миллион армян кырылган.

Анкаранын айтымында, каардуу жылдары бейгамдыктан, улут аралык араздашуудан жана согуштук операциялардан 300 миң чамалуу армян өлгөн. Түрк илимпоздорунун тастыкташынча, 1910-1922-жылдары армяндар жарым миллиондон ашуун түрктөрдү кырып жиберген.

“Каат күндү” белгилөө үчүн 24-апрель күнү Ереванга дүйнө өлкөлөрүнөн армяндар чогулушту. Өлкөнүн тарса чиркөөлөрүндө кыргынды эскерип, тазия өткөрүлдү. Алдыңкы түнү он миңден ашуун адам Түркиянын “геноцидди” таануусун талап кылып, Ереванда көчө жүрүшүн өткөрүштү.

Ишемби күнү өткөн Европа чиркөлөрүнүн конференциясы армяндардын талабын жактады. Жума күнү Франциянын президенти Жак Ширак Армения президенти Роберт Кочарян менен чогуу Парижде 90 жыл мурдакы калабада өлгөн армяндардын урматына орнотулган эстеликке таазим этишти.

Германия парламентарийлеринин бир тобу Түркияга “геноцидди” моюнга алуу-Анкаранын Евробиримдикке өтүүсүнө көмөктөшөт деп, кайрылуу жасашты. Армениянын тышкы иштер министри Вардан Осканян да кыргын болгонун таануу-Түркиянын Евробиримдикке өтүүсүнө жардамадашаарын билдирди:

- Геноцид бүгүн да эл аралык коомчулукка коркунуч туудурууда. Бул маселе Улуттар Уюмунда жана башкалар тарабынан каралган. Анын азыр кайра козголуу себеби мындай – Түркия, эгер Евробиримдикке кошулам десе, ЕБ азыр кандай иштер жүргүзүлүүдө деп сурашы шарт. Андыктан Түркия өткөндө (геноцид болгонун таанууга) макул келиш керек.

Польшанын мурдакы президенти, Нобель сыйлыгынын лауреаты Лех Валенса, Анкара геноцидди таанымайынча, Армения Түркиянын Евросоюзга кабыл алынбасын талап кылууга акылуу деп санайт.

Польша парламенти шейшемби күнү армян геноцидин тааныды. Мурда Европанын 15 өлкөсү мындай кадамга барган.

Президент Кочарян жасаган соңку билдирүүгө караганда, Түркия армяндарды өлтүрүүнү “тукум курут кылуу саясаты-геноцид” деп тааныса, Анкарадан акчалай компенсация талап кылынбайт. Бул “адеп-ахлак маселеси”.

Түркиянын өкмөт башчысы Режеп Тайып Эрдоган бир нече күн мурда тарыхый талашты тактоо үчүн Армения жана Түркия ортолук комиссия түзүүнү сунуш кылды. Түрк саясатчылары атайын иликтөө 90 жыл мурда болгон кандуу булоонго байланыштуу Түркия айтып келаткан жүйөөлөрдү ырастайт деген ишенимде экенин айтышууда.
XS
SM
MD
LG