Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:01

Жапония жана Кытай өз ара мамилесин оңдой алат


Жапония жана Кытай эки ортодогу пикир келишпестиктерди жоюуп, өз мамилелерин оңдой алат. Бул тууралуу кытай президенти Ху Цзиньтао менен жапон премьер- министри Дзюньитиро Коидзуминин Жакартадагы кечээги жолугушуусунан кийин жапон тышкы иштер министри Набутака Мачимура билдирди. Анын айтымында, аталган жолугушууда тараптар өз ара алаканы калыбына келтирүүнү көздөөрү ырасталды.
Кытайда бир нече аптадан бери антижапондук демонстрациялар өтүүдө. Буга башка маселелер менен катар Жапонияда тарых боюнча жаңы окуу китебинин чыгышы түрткү болгон. Кытай тараптын пикиринде, анда жапон армиясынын Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда Кытайда жасаган кылмыштары жымсалданып берилген.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG