Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:07

Бенедикт XVI Рим Папасынын кызматына расмий киришти


Рим – католик чиркөөсүнүн 265-Папасынын инагурациясына, эсептөөлөргө караганда, 350 миңдей адам, анын ичинде дүйнөнүн көптөгөн өлкөлөрүнөн жогорку даражалуу өкмөт өкүлдөрү катышты. Ачык асман алдында болгон салтанаттагы диний жөрөлгөнү алгач Бенедикт XVI өзү баштады.
Ыйык Петр аянтындагы мессага чейин ак кийминин үстүнөн алтын жалатылган чепкен кийген Бенендикт оболу эки миң жылдык тарыхы бар Рим-католик чиркөөсүнүн алгачкы Папасы – Ыйык Петрдин мүрзөсүндө болду. Салтанат учурунда Бенедикт XVIга понтификтин символдору – "балыкчынын шакеги"деп аталган тегерек алтын мөөр жана алтын крест менен кооздолгон ак мантия тапшырылды. Германиялык мурдагы кардинал, 78 жаштагы Йозеф Ратцингер Папанын кызматында ушул айдын башында дүйнөдөн өткөн Иоан Павел Экинчини алмаштырды.

XS
SM
MD
LG