Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:00

Ысыккөл облусунда жугуштуу ичкелте дарты менен ооругандар катталды


КАРАКОЛ. Облустук санитардык-эпидемиялогиялык станциясынан алынган маалыматка караганда, өткөн жылы жугуштуу ичкелте менен жабыркаган үч адам катталган.Ал эми быйылкы жылы өткөн төрт айдын ичинде эле Аксуу, Түп жана Тоң райондорунан жугуштуу ичкелтенин үч фактысы аныкталды. Жугуштуу бул оорунун жайылышына айыл тургундарынын иче турган таза суу менен толук камсыз болбогондугу, суу түтүктөрүнүн санитардык-техникалык абалдарынын өтө начардыгы жана элеттиктердин, айрыкча өспүрүмдөрдүн өздүк гигиенаны талапка ылайык сактабагандыгы себеп болууда. Ошондой эле коомдук тамактануу жайларындагы антисанитардык абал да жугуштуу оорулардын жайылышына өбөлгө түзүүдө.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG