Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:27

ОШ шаарындагы толук курулуп бүтө эле үйдү турак-жайсыз атуулдар ээлеп алышты


ОШ. Шаардын “Спортивный” көчөсүндөгү жашоого шарты жок, жарым жартылай курулган токсон квартиралуу үйдү өздөрүнүн үй жайыбыз жок деп тааныштырган атуулдар басып, ээлеп алышты.
Бул беш кабат үй “Ош-Жибек” акционердик коомунун кожоюндарынын бири, Орусиянын атуулу Шепелев деген адамдын менчигине таандык. Шепелев өзү качып, Орусиядан келбей жатат деп айтышууда үйдү басып, ээлеп алгандар. Беш кабат үйдүн бир подъезин Шепелевдин кыргыз аялы, он беш чакты квартираны мурда сатып алган адамдар ачпай, бекитип, натыйжада токсон квартиранын элүү экиси талоонго түшкөн. Ишти Ош шаардык прокуратурасы териштире баштагандыгын билдирди. Бул беш кабат үй толугу менен Шепелевдин менчигине кантип өткөндүгү да изилденээри белгиленүүдө.

XS
SM
MD
LG