Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:53

Жогорку Кеңеште лингвистикалык комиссиянын курамы бекитилет


БИШКЕК. 25-апрелде Жогорку Кеңеште президенттик шайлоодо талапкерлердин мамлекеттик тилди билүү деңгээлин текшерүү боюнча лингвистикалык комиссиянын курамын бекитүү маселеси каралат. 22-апрелде бул маселе парламентте каралып, комиссияга Борбордук шайлоо комиссиясы тарабынан сунушталган 9 адамдын үчөө айрым депутаттар тарабынан жактырылбагандыгына байланыштуу комиссия курамы бекитилбей калган. 23-апрелде Борбордук шайлоо комиссиясынын жыйынында лингвистикалык комиссиянын курамынан үч адам, алардын ичинде адабий сынчы жана коомдук ишмер Салижан Жигитов, белгилүү жазуучу Көчкөн Сактанов жана журналист Кенжалы Сарымсаков алынды. Бул тууралуу «Азаттыкка» Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөсү Жеңишбек Акматов билдирди. Эми алардын ордуна лнгвистикалык комиссиянын мүчөлүгүнө башка талапкерлер көрсөтүлөт. Бирок азырынча алар кимдер экендиги белгисиз. Лингвистикалык комиссиянын курамына адабиятчы, профессор Лейли Үкүбаева , Илимдкр Академиясынын тил институтунун директору Кадыралы Конкобаев, Ишенаалы Арабаев атындагы тил институтунун директору Үмүт Култаева, тил илимдеринин доктору Шералы Жапаров, Славян университетинин кыргыз тил кафедрасынын башчысы Галина Василькова жана тилчи Ташбоо Жумагулов кирет.

XS
SM
MD
LG