Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 5-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 18:45

КЫРГЫЗ ЭЭР ТОКУМУНУН ӨЗГӨЧӨЛҮКТӨРҮ


Кабыл Макеш Кыргыз эли илгертен мал- жандуу болуп, атты аздектеп минип келген. Ээр - ат жабдыктардын бири. Кыргыздар атка тынч, жеңил жана ыңгайлуу ээр токумду баалашкан. Унаанын түрүнө карай ат ээр, чом, өгүз ээр, ыңырчак деп дагы көп түргө бөлүп келишкен.

Ээрге үзөңгү, куюшкан, көмөлдүрүк тагылып, унаага басмайыл менен тартылып, токулат. Ал унааны жоор болуудан сактайт. Ээрдин түрлөрү жана жасалышы тууралуу бул өнөрдү ата-бабасынан мурастаган Ислам Исраилов мындай деди:

- Ээрдин негизги бөлүктөрү кашы, каптал жыгачтары, чарасы же карсаңы болот. Ээрдин каптал жактарынын алдыңкы жана арткы жактарына тогоолор бекитилип, аларга көмөлдүрүк менен куюшкан байланып, бекитилет. Ээрдин каптал жыгачтарынын төмөнкү бөлүгүнүн орто ченинен үзөңгү боо өткөрүлө турган тешикче жасалат. Кыргыздар ээрдин дан баш, куш баш, анжиян, ак каңкы, кучмач, аскер ээр, темир ээр жана башка түрлөрүн жасап келишкен. Балдар үчүн жасалган ээр айырмач деп аталат. Жыгач ээрди атайын усталар талдын дөңгөчүнөн чаап жасайт. Учурда теректен дагы чаап жүрөбүз. Аны зергер усталар гана аземдеп кооздогон.

Кыргыз усталары жасаган ат жабдыктарын, айрыкча ээрди чет өлкөлөрдө абдан кызыгуу менен кабыл алышаарын, бул өнөрдү өнүктүрүүгө шарт болгон менен ээрчилер азайып кеткенин “Кыял” элдик кол өнөрчүлүк бирикмесинин директору Султанбек Макашов Мындайча белгиледи:

- Кыргыздын ээр токуму башкалардыкына салыштырмалуу айырмаланып турат. Анткени анын оюму, дизайны, жасалгасы өзгөчөлөнүп, дароо таанууга болот. Бабаларыбыз бозүй сыяктуу ээрди дагы өнүктүрүп, ал атадан балага, кылымдан кылымга өтүп келатат. Учурда ээрдин актуалдуулугу жоголмок тургай өтө зарыл буюмга айланып баратат. Бизде ээрдин тердиги, желдиги, каптыргасы өзүнчө болуп жатпайбы, ал эми америкалыктардын ээри баары биригип турат. Токуганга ыкчам, жыйнактуу келет экен. Биздин усталар дагы ушундай ыңгайлуу жана эл аралык үлгүдөгү ат жабдыктарын жасап, жаңылык киргизүүсү зарыл. Чынында эле ээр чапкан усталар азайып баратат.Көбү майда белек-бечек, камчы жасаганга өтүп кетишти. Себеби, чет өлкөлөрдөн келген туристтер чоң буюмдарга, ээр токумга кызыкканы менен сатып алышпайт. Жеңил көркөм буюмдарды сатып алышкандыктан, ээр чабуу колго алынбай баратат.

Кыргыздын ээр токум, ат жабдыктарын эл аралык деңгээлге жеткирүүгө болоору жөнундө учур талаптарына ылайык мурдакы салттуу жасалган ээр токумду өркүндөтүп, жаңыча, өзгөчө стил тапкан уста Ислам Исраилов:

- Негизинен казактар көп сатып алышууда. Үйүмө чейин келип, атайын заказ беришет. Ээрдин 5-6 түрүн жасайм. Раматылык Амантур Акматалиев агай көп кеңештерин берчү. Учурда күмүш жалаткан ээр токум жасап жатам. Султанбек Макашов айткандай, жаңы стил менен америкалыктардыкындай бир токулган кыргыз ээрин жасасам, чет өлкөлүктөр сатып алышууда. Кыргыз барда бул өнөрдүн учугу үзүлбөйт, эми уулдарыма үйрөтүп жатам.


Өлкөдө ээр чапкан усталар саналуу гана. Мыкты усталардын аземдеп жасаган ээр токуму миң доллардан 5-6 миң америка долларына чейин бааланаарын адистер айтып жүрүшөт. Жаңы ээр токумдун баасы бир бодо малга барабар дешет. Ал эми карапайым калк жакшы ээр токум алууга да чамасы- жетпей эскини эптеп токулга кылып жүрүшөт.
XS
SM
MD
LG