Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:38

К.БАКИЕВ: «ӨКМӨТТҮН БАШКЫ МИЛДЕТИ –ЭЛДИН ЖАКШЫ ЖАШООСУН КАМСЫЗ КЫЛУУ»


24-апрелде Кыргызстандын президентинин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев улуттук телекөрсөтүү аркылуу түз эфирде телекөрүүчүлөрдүн суроолоруна жооп берди. Курманбек Бакиевдин түз эфирдеги телекөрсөтүүсү ыңкылап болгондон кийинки 30 күндүн ичинде жаңы өкмөт тарабынан жасалган аракеттер менен мындан аркы келечек багыттарга арналды.

Телекөрүүчүлөр берген суроолордун көбүн алдыдагы президенттик шайлоо, жер басып алуу көйгөйү, пенсия менен маянаны көтөрүү жана конституцияны өзгөртүү маселелери түздү. Андан тышкары элди кадр саясатынын калыстыгы, айыл чарбасынын келечеги жана мамлекеттик бюджеттин көлөмүн көбөйтүү катуу тынчсыздантаары байкалды.

Ал эми өкмөт башчы ыңкылаптан кийинки 30 күндүн ичинде бардык өкмөт мүчөлөрү менен бирдикте өлкөдө саясий туруктуулук менен элдин коопсуздугун камсыз кылуу аракетин көрүп жаткандыгын билдирип, бир айдан кийинки абалды төмөнкүчө баалады:

- Ушул 30 күндүн ичинде бизди оң жана терс көрүнүштөр бизди коштоп келе жатат. Бирок, өкмөттүн жана жергиликтүү бийликтин аракетинин негизинде кыска мөөнөттүн ичинде коомдук –саясий абал турукташып калды.

Курманбек Бакиев ыңкылаптан кийин орус тилдүү калктын көбү кетүүгө кам уруп калды деп суроо салган атуулдун тынчсыздануусуна макул болуп, аларды жакын арада абалдын турукташаарына ишендирип, элди сабырдуулукка чакырды.

Ал эми берилген суроолордун 70 процентин түзгөн кадр тандоо саясатын бир айдын ичинде калыпка түшүп калды деп баалады. Анын айтымында, ыңкылаптан кийинки кыйын учурда шашылыш дайындоолор болду. Бирок, азыр ал жөнгө салынып, эң ириде кадрлардын кесипкөйлүгү менен кайсы аймактан экендигине көңүл бурулуп жатат:

-Эми ал мезгилде шашылыш түрдө дайындоолор болду. Бирок, биз бул маселени оңдойбуз. Мен ачык айтып коеюн, азыр кызматтан бошото турган министрлер, губернаторлор жана башка жетекчилер бар. Кээ бирлери такыр эле иштебей жатат. Эң биринчи критерий-бул кесипкөйлүк. Андан кийин сөзсүз түрдө региондорду эске алуу керек.

Ал эми экс-президент Аскар Акаев ушул эле күнү «Азаттык» радиосунун суроолоруна түз эфирде жооп бергенде жаңы өкмөт тоталитардык башкарууга ык алып калды деп сындады. Ал азыркы өкмөт мурунку бийликтин өкүлдөрүн куугунтуктап жатат деп билдирип, буга өзүнүн туугандарынын иштен кетип, депутат болгон уул-кыздарынын парламентке бара албай жаткандыгын мисалга тартты:

-Жаңы бийлик Кыргызстанда сталиндик доорду орнотту деп таанууга болот. Себеби, Сталиндин гана доорунда эл душманынын балдары катары кызматтан, окуудан айдап келген. Мына бүгүнкү күнү менин балдарымдын парламентте иштөөсүнө мүмкүнчүлүк бербей жатышат. Ал эми туугандарыбыздын баардыгын кызматтарынан айдашты.

Телекөрсөтүүдө болсо Курманбек Бакиев айткан ири жаңылык-«Ар намыс» партиясынын төрагасы Феликс Куловдун президенттик шайлоого өз алдынча катышаары жөнүндөгү кабар болду. Бакиевдин билдирүүсү боюнча, ал Феликс Кулов менен бир нече ирет жолугушкан. Анда Феликс Кулов шайлоодо Курманбек Бакиевди колдоп, өз штабы менен көмөктөшөөрүн билдирген жана ал президент болсо өзү өкмөт башчы болуу тууралуу сүйлөшүшкөн. Бирок, Феликс Кулов кийинки күндөрү президенттик шайлоого өз алдынча катышуу чечимине келген:

-Бирок, акыркы күндөрү ал киши мурдагы убадасынан баш тартып жатат. Кечээги жолугушууда ал «мамлекеттин стабилдүүлүгү үчүн мен дагы президенттик шайлоого катышайын, кандай дейсиз?» деп сурады. Мен ал ар бир атуулдун өз укугу деп айттым. Бирок, биз экөөбүз жигитче сүйлөштүк. Анда шайлоого бара турган болсок шайлоодон кийин элди көчөгө алып чыкпай, элге акча бербей, элдин добушун сатып албай, таза шайлоодо таза күрөшөлү деп макулдаштык.

Өкмөт башчы катышкан телекөрсөтүүдө атуулдарды экс-президенттин үй,мүлкү жана алардын кандай жол менен алынгандыгын иликтеген мамлекеттик комиссия акыйкат жыйынтыкка келеби деген олуттуу маселе кызыктырды. Анткени, буга чейин Акаевдин тун кызы Бермет Акаева «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда:

- Мен ошол комиссиянын калыс болоруна такыр ишенбейм. Себеби, алардын милдети бизди талкалоо. Азыр деле бизге каршы көптөгөн кысымдар болуп жатат.,-- деген оюн айткан эле.

Мына ушул багытта берилген суроого Курманбек Бакиев:

- Бул комиссиянын максаты ак ниеттүү. Эң башкысы аталган жайларды талкалоодон, талап-тоноодон сактоо. Ал жайларга экс-президенттин үй-бүлөсүнүн канчалык деңгээлде тиешеси бар экендигин комиссия иликтеп жатат. Балким, алардын таптакыр тиешеси жоктур. Айтылган сөздөр жел сөз болуп чыгаар. Ал үчүн убакыт керек. Ошон үчүн комиссия азыр имиштерди иликтеп жатат. Эгер биз иликтебей, имиштин чын-төгүнүн аныктабай койсок эл оозундагы сөз жүрө берет эле . Ошондуктан, комиссия түзүп туруп, аныгын билели деген чечимге келдик.

Өкмөт башчы көрсөтүүнүн аягында өкмөт өлкө калкынын бакубат жашоосу үчүн кам көрүүнү башкы милдети деп иштеп жаткандыгын белгилеп, элди эртеңки күнгө ишенимдүү кароого чакырды.

XS
SM
MD
LG