Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:29

АСКАР АКАЕВ ЭЛАРАЛЫК СОТКО КАЙРЫЛАБЫ?


Чолпон Орозобекова , Бишкек Аскар Акаев “Азаттык” үналгысына 24-апрелде берген маегинде экс-президенттик укуктарын коргоп, эларалык сотко кайрылаарын билдирди. Ал эми азыркы бийликтин өкүлдөрү тескерисинче эл арасында Акаевди эларалык сотко берүү талабы бар экенин айтып жатышат.

Аскар Акаев Азаттыктын суроолоруна жооп берип жатып анын кол тийбестик укугу бузулду деген оюн айтты. Экс-президенттин пикиринде, анын жеке архивин аңтаруу менен азыркы бийлик конституциялык норманы бузду. Андыктан ал эларалык сотко кайрылаарын жарыя кылды:

- Менин президент катары жеке архивим жана документтеримди тинтип атышат. Мен эларалык сотко кайрылганга мажбурмун.

Коомчулукта Аскар Акаевдин бул билдирүүсүн ар кыл өңүттө кабыл алышты. «Республика» партиясынын төрагасы Гияз Токомбаев экс-президенттин соңку интервьюсун угуп отуруп Аскар Акаев өткөнгө өкүнмөк турсун кайрадан кырдаалды курчутуп, чагым салуу ниети байкалды дейт.
Гияз Токомбаевдин пикиринде, азыр Аскар Акаев чочулай турган жагдай жок, бирок кокус өзүнө карата кылмыш иштери козголуп кала турган болсо эларалык коомчулукка таянгысы келип атат деген оюн билдирди:

- Ал жөн гана дүйнөлүк коомчулуктан колдоо тапкысы келип aтат. Кокус Кыргызстандын тартип коргоо органдары анын берилишин талап кылып калса, аны Кыргызстанга жөнөтпөшү үчүн эмитен ушундай кам көргүсү келип жатат,- дейт Гияз Токомбаев.

«Мукар жана профи» юридикалык компаниясынын жетекчиси Мукар Чолпонбаев юридикалык жактан алганда Аскар Акаев эларалык сотко кайрыла албайт, антишке моралдык да укугу жок дейт:

- Кыргызстандын ичиндеги сот инстанциялардын баарын басып өтмөйүн эларалык сотко кайрыла албайт. Юридикалык жактан алганда ушундай. Моралдык жактан алганда кыргыз элин 15 жыл бою жакшы эле кыйнаган адам кайра сотко берем деп коркутканы туура эмес болуп калды.

Мамлекеттик мүлк боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы жетекчиси Равшан Жээнбеков экс-президенттин өзүн коргогонго укугу бар дейт. “Бул мыйзам ченемдүү эле көрүнүш дейт” Равшан Жээнбеков.

Укук коргоочулар Аскар Акаев башкарган бийлик менен узак жылдар соттошуп келдик, ал да соттошуунун түйшүгүн сезсин деп жатышат. Турсунбек Акун “Азаттыкка” берген маегинде “келме – кезек,терме – тезек” деп жооп берди:

- Аскар Акаев кабинетин таштап, кабинетин эмес өлкөнү таштап качып кетип атса, анын архивин карабаганда эмне кылат элек. 15 жылдан бери Аскар Акаевди жана ал башкарган бийликти сотко берип, деги эле адилеттик тапкан эмеспиз. Сотко берсин, ошол биз көргөн азапты көрүп, соттошуу деген кандай болоорун билсин.

Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев ар бир адамдын жеке күндөлүгү же дептери болсо, ал анын менчиги жана кол тийбес экенин эскертет. «Экс-президенттин архиви терең иликтенмейин коомчулукка жарыяланбай турушу керек болчу, жарыяланып калгандан кийин аны толук элге көрсөтүп, иликтөөнү аягына чыгаруу керек» деп белгилейт.

Эскерте кетели, Аскар Акаев сүйлөгөндөн кийин анын артынан дароо «Азаттыктын» суроолоруна түз эфирде жооп берген вице-премьер-министр милдетин аткаруучу Ишенгүл Болжурова эл арасында калкты жакырчылыкка алып келип, өзү өлкөдөн качып кеткен Аскар Акаевди эларалык сотко бергиле деген талап болуп жатканын билдирди.

XS
SM
MD
LG