Линктер

жума, 9-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:12

ЕВРОБИРИМДИК МЕНЕН ОРУСИЯ


Евробиримдиктин тышкы иштер министрлери дүйшөмбү күнү Люксембурда өтчү жыйында биримдик менен Россия арасындагы кызматташуу маселесин, тагыраак айтканда 10-майда Москвада өтчү саммитке даярдыктын жүрүшүн талкуулашат. ЕБ расмий өкүлдөрүнүн айтымында, стратегиялык кызматташуунун негизги багыттарын аныктоодо олуттуу кыйынчылыктар болууда. Евробиримдиктин виза режимин жеңилдетүү, Сибирдин аба мейкиндигинен учкан европалык учактардан салык алуу боюнча эки жак бир мунасага келе элек.

10-майда Москвада өтчү кездешүү азыртан эле “тарыхый жыйын” деп аталууда. Саммитте Евробримдик менен Россия ортосундагы стратегиялык кызматташуу жөнүндөгү келишимге кол коюлуш керек. Байкоочулар сүйлөшүүлөр бир нече айдан бери жүрүп жатканына карабастан, анын негизги багыттары боюнча тараптар жалпы пикирге келише албай жатканына көңүл бурушат.
Евробиримдиктин чиновниктери балким Россия сүйлөшүү өтө катаал жүрүүдө деген пикир жаратуу үчүн, аны акыркы күнгө дейре созушу ыктымал деп боолгошот.

Маанилүү ишти тездетүү үчүн өткөн аптада Еврокомиссиянын төрагасы Хосе Мануэл Барросо Москвага атайын келип, президент Путин менен үч саат бою сүйлөшкөн. Барросонун өкүлү Франсуа Ли Бэйл Кремлдеги сүйлөшүүдөн кийинки билдирүүсүндө “төрт багыт” талкууланды деп, бирок анын мазмунуна токтолгон жок:

-Бул жолу сүйлөшүү болбоду, ушу тапта сүйлөшүүлөр техникалык деңгээлде өтүп жатат: Евробиримдик менен Россия ортосундагы кызматташуунун төрт багыты тууралуу жалпы талкуу болду.

Ли Бэйл айым экономикалык жана ички коопсуздук мейкиндигинде оң жылыш бар экенин учкай айтып, Россия менен ЕБнын өз ара байланышты бекемдөөгө ынтызарлыгын жана Барросо сүйлөшүүдө ийгилик болоруна терең ишеничте экенин сыйда белгиледи:

-Эки президент талкуунун жүрүшүндө май айында келишимге жетүү мүмкүн эмес экени айкын болду.

Евробиримдиктин белгисиз калууну каалаган дипломаты өткөн жумада “Азаттык” радиосуна айтканга караганда, ортодо айрым талаштуу суроолор болууда жана алардын 10-майга чейин жөндөлөөрү күмөндүү. Атап айтканда, Россия Сибирь аркылуу учактан Евробиримдиктин самолетторунан салык алынбайт деп кат жүзүндө милдеттенме алууга даяр эмес болууда. Евробиримдик учактардан салык алуу эларалык мыйзамдарга каршы келет деп санайт.

Дипломаттын айтымында, виза маселесинде да көп келишпестиктер бар. ЕБ россиялык жарандарга виза режимин жеңилдетүүгө макул. Анын акысына Москва Россия аркылуу Батышка өткөн мыйзамсыз иммигранттарды өлкөгө кайтарып алууга макулдугун билдирген келишимге кол коюшу абзел. Кремль келишим россиялык букараларга гана колдонушу керек деп талап кылууда.

Россия “жалпы коңшулар” деген аныктамага да каршы чыгып, андан көрө эки жактуу кызматташууга өзгөчө басым жасоо керек деп жатат. Муну Батыш мурдакы советтик мейкиндикке ЕБ киргизбөө аракети катары баалоодо.

Россия эки жак региондордун “ыктыярдуу интеграциясын” колдосун деп сунуш кылган. ЕБга мүчө айрым өлкөлөр Россиянын сунушу “таасир чөйрөсүн бөлүштүрүүгө алып барат” деп кооптонушат.

Батыштык серепчилердин боолгошунча, 10-майдагы саммитте Россия жана ЕБ ортосунда түзүлчү келишим эки арадагы олуттуу проблемаларды чечпейт, бирок эки тараптын элдешүүсү үчүн кызмат кылат.
XS
SM
MD
LG