Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:34

Акыйкатчы президенттик жарышка катышуусу ыктымал


БИШКЕК. Кыргызстандын акыйкатчысы Турсунбай Бакир уулу президенттик шайлоого барышы ыктымал, бирок, бул маселеге байланышкан чечимин ал он күндөн кийин жарыялайт. Мындай билдирүүнү акыйкатчы Кыргызстандын Нарын, Ысыккөл, Чүй аймактарын кыдыруусуна байланыштуу уюштурган маалымат жыйынында билдирди. Акыйкатчы президенттикке баруу маселесин шайлоого катыша турган саясий лидерлердин тең салмактуулугуна жараша чечет.

Турсунбай Бакир уулу ушул эле маалымат жыйынында аталган үч облустун март окуясынан кийинки жагдайына кайрылды. Анын айтымында, эл Акаевдин бийлигинин кулашына каршы эмес, бирок, азыркы бийликтин айрыкча кадр саясатындагы өксүктөрүнө тынчы кетип турат.

XS
SM
MD
LG