Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:41

Акаевдин билдирүүсүнө жарандык коомдун айрым өкүлдөрү макул эмес


БИШКЕК. Кыргызстан укук коргоо кыймылы кызматтан четтетилген мамлекет башчы Аскар Акаевдин «Азаттык» үналгысына берген маегине карата 25-апрелде жергиликтүү маалымат каражаттарына билдирүү таратты. Билдирүү ээлери Аскар Акаев үналгыга берген интервьюсунда башынан аягына чейин жалган сүйлөдү деген ойду айтышат. Алардын пикиринде, парламенттик шайлоодогу мыйзам бузуулардын башында Аскар Акаев турган жана аны Акаевдин иш бөлмөсүнөн табылган иш күндөлүгү айгинелейт. Ошондой эле билдирүү ээлери үстүбүздөгү жылдын 24-мартында Аскар Акаев баштаган бийлик өкүлдөрү элге каршы чагымчылыкты уюштургандыгын ага далил катары ошол күнү митингчилерге каршы ак шапкечен атуулдардын аракетин келтиришкен. Ал эми Аскар Акаев «Азаттыкка» берген маегинде жогорудагылардын баарын жалган деп четке каккан.

XS
SM
MD
LG