Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:25

ЫҢКЫЛАПТЫН БИР АЙЛЫГЫ, КОРРУПЦИЯГА КАРШЫ КҮРӨШ, САЛИЖАНДЫН ЖЕРГЕ КАЙТЫШЫ


26-апрелдеги “Агым” гезити өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Өзбекстанга расмий сапары, өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров учурдагы иш-аракеттери тууралуу жазды. Ал эми 26-апрелдеги “Аалам” гезити элдик ыңкылаптын бир айлыгы жана Аскар Акаевдин каталыктары тууралуу макалаларга орун берди.

26-апрелдеги “Агым” гезитинде кабарчы Асран Айдаралиев өлкөнүн башкы прокурорунун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров менен учурдагы иш- аракеттери тууралуу маектешкен. Анда 100 күндүк программанын өзөгү, бир айдын ичинде аткарылган иштер, өлкөдөгү коррупция, Аксы окуясы, жер басып алгандар жана алдыдагы президенттик шайлоо тууралуу кеп болот. “Аскар Акаевдин чоң кемчилиги коррупцияга белчесинен батып калганы. Бүгүнкү күнгө чейин бир дагы чиновник коррупция боюнча жоопко тартылган эмес. Учурда коррупцияга каршы 8 иш козгодук. Тергелип бүтүп калды, бирөөнүн ишин сотко өткөрдүк. 24 миллион сомдук бажылык каражатты жеген мафиялык топ, 22 адамдын иши каралып жатат. Баягы алтын боюнча чыккан чуу да басылып калган. Ошол ишти бузуп, кайра тергөөгө бердим. Мында бир топ чоң кызматкерлердин аттары ачыкка чыгат.”Кумтөр” , Аксы окуясы ушунун баары коррупциядан чыккан. Эл баарын ачык түшүнүп, чындык айтылып турса коррупциянын тамыры кыркыла баштайт. Элден жашынып, бекинип алган бийликте коррупция гүлдөп турат.” дейт Азимбек Бекназаров.

Ушундай маанайдагы макала 26- апрелдеги “Аалам” гезитине да жарыяланып, башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаров 50гө жакын ишканалар текшерилип жатканын, мыйзамсыз менчиктештирилип, бажы салыктарын төлөбөй келген фирмалар, Аскар Акаевдин баласына жана күйөө баласына таандык “Аалам сервис”, “Манас интернейшл”, “Бител” ишканалары боюнча кылмыш иши козголгонун маалымдаган. Ошону менен бирге, 1993-жылы дайынсыз “жоголгон” 2 тонна алтындын, “Кумтөр” ишканасынын “табышмактуу” ишмердүүлүгү, Аскар Акаевдин жана Осмонакун Ибраимовдун иш бөлмөлөрүнөн табылган күндөлүктөр жана “чөнтөк дептери” тууралуу Азимбек Бекназаровдун айткандары “Аалам” гезитинде “Акаевдин бийлигин узартуу үчүн ким канча кол топтооруна чейин көрсөтүлгөн” деген темада жарык көрдү.

Ушул эле “Агым” гезитинин кабарчысы Мамат Сабыров өлкөнүн тышкы иштер министринин милдетин аткаруучу Роза Отунбаеванын Өзбекстанга расмий сапары тууралуу репортаж берип, түрдүү маселелер боюнча эки тараптуу сүйлөшүүлөр жүргөнүн маалымдайт. “Өзбекстанда ушул жылдын биринчи кварталында эле 18 миң даана өз өндүрүшүнөн чыгарылган жеңил машине сатыптыр. Бул өткөн жылга салыштырганда 3 эсе көп дегендик. Эл керектөөчү товарлардын дээрлик баары Өзбекстандын өзүндө өндүрүлүп, импорт болгону 17 пайызды түзөт. Былтыр 5 млн. тонна дан эгини жыйналып, ал калкты 2 жылга нан менен камсыз кылганга кенен жетээрин, бул өлкөдө коррупцияга каршы күрөш күчтүү экен” деп жазат Мамат Сабыров

Ушул гезитте дагы кандай мазмундагы макалаларга орун берилгенин жооптуу катчы Гүласина Каленова айтып берди.

- Мурунку парламенттеги депутаттардын кимиси турак үйлөрдү кантип менчиктештирип алганы тууралуу кабарчы Айнагүл Сапарбек кызынын макаласы чыкты. Аскар Акаевдин тушунда 10 жыл ичинде 100 миңден ашуун атуул жерге ээ болуп, 27 миңден ашуун адамга үй куруу үчүн Бишкектин айланасынан жер берилгени, 24 жаңы конуштар пайда болуп, 15 мектеп салынганын Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиев белгилеп, азыркы учур тууралуу кеп салат.

“Бул жаңы конуштардын инфраструктурасы үчүн 1 млрд. 800 млн. сом каражат бөлүнгөн. Жер участоктору мыйзам чегинде бир атуулга өмүрүндө бир ирет гана берилиши керек. Аны кызылкулактык кылып сатууга тыюу салуу зарыл” дейт депутат Каныбек Иманалиев “Агым” гезитине берген маегинде.

Бир айда 4 оор кылмыштын бетин ачкан полковник Мелис Тургунбаевдин иш- аракеттери тууралуу баяндама бар.


26-апрелдеги “Аалам” гезитинде экс-депутат Орозбек Дүйшеевдин элдик ыңкылаптын бир айлыгына карата аналитикалык макаласы жарык көрдү. Анда Аскар Акаевдин тушундагы коррупция, парламенттик шайлоонун адилетсиз өткөндүгү, соттордун калыссыздыгы, “Жирный кресттин” аткарылышы, Бишкектеги талап-тоноочулук тууралуу кеп болот. “Ыңкылаптан кийин чет элдик инвестициялардын келишине мурдагыдан алда канча жакшы шарттар түзүлүп, өлкө коррупциядан арылуунун алдында турат. Экономикалык, финансылык жана социалдык маселелерде бир топ жакшы иштер жаралууда. Булар бир айдын ичиндеги эле иштер. Эң башкысы, сөз менен иштин ортосундагы айырма жоголуп аткаруу бийлигине элдин ишеними артуусу кубандырат” деп белгилейт Жогорку Кеңештин экс-депутаты Орозбек Дүйшеев “Аалам” гезитиндеги макаласында.

Ушул эле гезитте кандай мазмундагы макалалар жарыяланганын редактордун орунбасары Элнура Кулуева баяндайт.

-Учурдагы кырдаал, түндүк-түштүк маселеси, убактылуу өкмөттүн иш- аракеттери, ыңкылаптын бир айлыгы тууралуу президенттин милдетин аткаруучу премьер-министр Курманбек Бакиев тууралуу пикирлер чыкты. Ошондой эле башкы прокурордун милдетин аткаруучу Азимбек Бекназаровдун маалыматтары боюнча макала дагы бар.

25-апрелдеги “Вечерний Бишкек” гезити борбор шаардагы депутаттар, чиновниктер баштаган ишембилик, 6 айдан ашуун космосто илим-изилдөө иштерин жүргүзүп, 25- апрелде жерге аман-эсен конгон жердиги кыргызстандык Салижан Шарипов жана америкалык Лерой Чиао тууралуу маалымдады. “Саясат –мен үчүн жеке мүдөөмдү ишке ашыруунун куралы эмес. Башкы максатым- Кыргызстандын улуттук кыйра жаралуусу” дейт “Вечерний Бишкек” гезитине берген маегинде Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев.

26-апрелдеги “Эркинтоо” гезитинде президент милдетин аткаруучу премьер- министр Курманбек Бакиевдин Алматыдагы алгачкы сапарынын жыйынтыктары тууралуу макала, өлкөдөгү ишкерликти өнүктүрүү боюнча Камила Кененбаеванын ойлору, Кыргыз эл жазуучусу Асанбек Стамовдун Аскар Акаев тууралуу пикири, жаштарга арналган “Сыр сандык” бети жарык көрдү.
  • 16x9 Image

    Кабыл Макеш

    "Азаттыктын" спорттук баяндамачысы. Кыргыз улуттук университетинин журналистика бөлүмүн бүткөн. Кыргызстандын дене тарбия жана спорт энциклопедиясынын жана төрт китептин автору.

XS
SM
MD
LG