Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 06:35

КАНЖОЛДОГУ КЫРСЫК

  • Ырысбай Абдыраимов

Жалалабат облусунда 24-апрелдеги түндө Ош-Жалалабат унаа жолунун 95-чакырыманда катталган автокырсыктан 13 адам каза болду. Төрт адам түрдүү деңгээлде жараат алып, облустук ооруканада дарыланып жатышат.

Облустук бийликтен алынган маалыматка караганда, 24-апрель түнкү саат экидеги кырсыкта 13 киши курман болуп, 4 адам колу сынган жана мээси чайкалган абалында облустук ооруканага жеткирилген. Ош тараптан 17 адамды тартып келаткан «Форд» аттуу жеке менчик кичи автобус Ош-Жалалабат жолунун 95-чакырымында жол четиндеги бетон тосмого урунуп, андан ары 30 метр жар ылдый ала салып кеткен.

- Ичинде 17 жүргүнчүсү менен жеке “Форд” микроавтобусу кырсыкка учурады. Айдоочусу Абдырашит Темиров деген болгон. Ал рулду башкара албай калып, жолдун жээгиндеги бетон тосмого урулган дагы, андан ары 30 метр бийиктиктен кулап кеткен. Натыйжада 17 жүргүнчүнүн он үчү дароо ошол окуя болгон жерде каза болушкан. Ал эми төртөө азыр облустук ооруканада, акыбалдары жакшы эле , - деген маалымат айтты ал тууралу облбийликтин маалымат катчысы Гүлжан Асанова.

Облустук ички иштер башкармасынын билдирүүсү боюнча автокырсыкка унаанын катуу жүрүшү жана тормузу кармабай калганы себеп болгон. Кырсыктын себептерин мамлекеттик автоинспекция кызматы иликтөөдө. Облустук оорукананын травматология бөлүмүндө дарыланып жаткан, кырсыкка кабылгандардын бири Кубанычбек Атабаевдин атасы Камчыбек Атабаев уулу менен сүйлөшүүгө макул болгон жок. Окуянын кандайча болгонун Камчыбек Атабаев төмөндөгүдөй баяндады:

- Учураган авариядан колунан, башынан жаракат алган. Кудайга шүгүр, азыр доктурлар бар экен, жакшы жардам берип атат. Дарыларды берип, ийне сайып колунан келген жардамын берип атышат. Бирөөгө кое турган күнөө жок. Себеби ал жерде айдоочунун күнөөсү бар деп айтыш кыйын. Түн ичинде болгон окуя. Иликтеп, так кайсы нерседен болгонун эми тактай турган жайлар тактаар. Мен азыр баламдын жанында отурам, - деди уйкуда жаткан уландын атасы Камчыбек Атабаев бир үй-бүлөдөн 11 адам көз жумгандыгы тууралу.

Нөөмөтчү дарыгер Ташбү Апсатарованын сөзүнө караганда Уланга зарыл жардамдар көрсөтүлдү:

- Келгендерге бүт жардам жасалып атат. Ийне сайып атабыз. Гипс койдук, азырынча оруулунун абалы жакшы эле - деди Ташбү Апсатарова.

Ооруканадагылар ошондой эле балдар бөлүмүнө жеткирилген үч баланын абалы дурус экенин билдиришти. Облуста биринчи токсон күндүктө 71 жол кырсыгы катталып, андан буга чейин 23 адам өлгөндүгүн облустук автоинспекция башкармасынан сурап билдик.
  • 16x9 Image

    Ырысбай Абдыраимов

    "Азаттыктын" Жалал Абад облусундагы кабарчысы, Кыргыз мамлекеттик университеттин журналистика бөлүмүн аяктаган.

XS
SM
MD
LG