Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:09

Салижан Шарипов эки кесиптеши менен космостон аман-эсен кайтып келди


Кыргызстанда туулган Орусиянын атуулу Шарипов, америкалык астронавт Лерой Чиао жана Италиялык Роберто Виттори мындан эки саатча мурда Казакстандын Аркалык шаарынан 90 чакырым түндүктө Жерге конушту. Шарипов команда аман-эсен деп билдиргенин Орусиянын Космостук учуулар борборунан кабарлашты. Алар отурган чөлмөк Эл аралык Космос бекетинен кечээ бөлүнүп чыккан эле. Шарипов менен Чиао бекетте өткөн октябрдан бери иштешти. Европалык Космос Агенттиги жөнөткөн Виттори жаңы команда менен учуп барып, космосто болгону сегиз күн турду.

XS
SM
MD
LG