Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:09

Германиянын тышкы иштер министри суроолорго жооп берди


2000-жылы кабыл алынган визаларды либералдаштыруу программасынын алкагында немистердин Украина, Россия, Албания жана башка өлкөлөрдөгү элчиликтери буга чейин Германияга кирүүгө уруксат ала албаган кишилерге виза берген. Оппозияция муну менен Германияга кылмыш дүйнөсүнүн өкүлдөрү агылды деп тышкы иштер министрлигин күнөөлөп жатат.

Фишер бул иште жашыра турган эч нерсе жок деп билдирди. Министр өлкө кылмышкерлерге толуп кетти деген кептер оппозициянын пропагандалык теориясы деди. Буга чейин Фишер анын кол астындагы дипломаттар ката кетирген болсо, ал үчүн саясий жоопкерчиликти өзүнө алууга даяр экенин айткан.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG