Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:16

Россия Грузиядагы базаларын быйыл чыгарып кете башташы мүмкүн.


Грузиялык кесиптеши Саломе Зурабишвили менен болгон жолугушуусунан кийин Россиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров Россия Грузиядагы аскерий базаларын быйыл алып чыга башташы мүмкүн деп билдирди.

Лавров Зурабишвили менен сүйлөшүүлөрдө маселе боюнча олуттуу прогресске жетишилгенин айтып, базаларды көчүрүү процесси бир нече баскыч менен өтөөрүн кошумчалады.

Россия СССР кулагандан кийин Грузиядагы 4 аскерий базаны өз көзөмөлүнө алган. 1999-жылы орустар эки базадан аскерлерин чыгарып кеткен.

XS
SM
MD
LG