Линктер

logo-print
ишемби, 03-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 23:51

ДИНАРА АСАНОВА КЫРГЫЗДЫН ТАЛАНТТУУ КЫЗЫ ЭЛЕ


Фатима Абдалова,Бишкек Кыргыздын белгилүү кинорежиссеру Динара Асанова “Ленфильмде” иштеп, өмүрүндө 7 кинофильмди тасмага түшүргөн. Анын эң алгачкы “Тоңкулдактын башы оорубайт” фильми Румынияда өткөн дүйнөлүк кинофестивалда 1-орунду жеңип алып, Динара Асанованын ысмы кинорежиссер катары дүйнөгө белгилүү боло баштайт. Динара Асанованын көз жумганынан бери 20 жыл өттү.

Динара Асанова 1943-жылы 24-октябрда Фрунзеде туулган. Атасы Колдош Асанов согуштан кайтпай калат. Апасы Марзия Камалова көп жылдар “Советтик Кыргызстан” гезитинде иштеген. Динара Асанова бала кезинен өтө тирикарак, көздөгөнүн бербеген абдан аракетчил болгон. Динара Асанованын бир тууган эжеси Клара Асанова сиңдисинин бала чагын мындайча эскерет:

- Динара бала кезинен эле эл менен бат тил табышчу. Мугалим болгусу келчү. Короонун жаш балдарын чогултуп алып, өзү мугалим болуп, аларды окутчу. Атүгүл балдар ага Эдита Петровна эже деп кайрылышчу. Динара өтө эмгекчил, өжөр эле. Мектепте сабактан сырткары бийлечү, ырдачу, спортко катышчу...Кийин болсо ошентип белгилүү кинорежиссер болуп кетти. Бирок Динара акыркы жылдары Кыргызстанга кайтмак болуп калган эле. Ал Кыргызстанда Платоновдун “Жанн” чыгармасы боюнча кино тартмак болуп аткан. Бирок жүрөгү катуу кармап, Мурманскиде лыжа тебүүчүлөрдүн мелдешин киного тартып атып арабыздан кете берди. Өтө жүрөк оорукчал эле – деди маркум Динара Асанованын бир тууган эжеси Клара Асанова.

80-жылдары журналист, бүгүнкү күндө “Эрайым” аялдар коомдук бирикмесинин төрайымы Ракыя Жусупова Динара Асанованын апасы Марзия Камаловага көп ирет жолугуп, Динара Асанованын чыгармачылыгын иликтеп, ал жөнүндө “Динара Асанова жана анын фильмдери” деген көлөмдүү макала жазат. Ракыя Жусупова Динара Асанова тууралу апасы Марзия Камалованын айткандары боюнча төмөндөгүчө эскерди:

-Динара Асанова тууралу макала жазууда мен анын апасы Марзия апа менен көп жолугуштум. Чынында кыргыз кызынын “Ленфильмде” калып, ошондой мыкты фильмдерди жаратышы – кыргыз эли үчүн чоң сыймык. Бирок Динара Асанова ВГИКти бүтүп, Кыргызстанга келгенде, аны быякта “кыз бала экен, кыз баланын колунан эмне келмек эле” дешип, кабыл албай коюшкан. Ошондо апасы Марзия апа ошол кездеги Маданият министри Күлүйпа Кондучаловага барып, кызымды “Кыргызтелефильмге” жумушка албай жатышат, жардам бериңиз” деп кайрылат. Бирок Кондучалова да,” бул болбогон жумуш” деп көңүл бурбай коет. Ошентип, Динара Асанова дүйнөгө атагы кеткен фильмдерди жаратты. Анын “Жандүйнөнүн ачкычы” фильми жалкоо мугалимдин образын ачкан курч фильм. Динара Асанованы кыргыздар ал дүйнөгө белгилүү болуп кеткенден кийин гана чакыра башташты,-деди Ракыя Жусупова.

Динара Асанованын “Тоңкулдактын башы оорубайт”, “Боз балдар”, “Сүйүктүүм жана кымбатым”, “Жандүйнөнүн ачкычы” көркөм тасмалары дүйнөлүк кинонун алтын фондуна алынган. Динара Асанованын Распутиндин чыгармасы боюнча жараткан “Рудольфио” аттуу дипломдук иши да учурунда комиссия тарабынан жогору бааланган. “BBC” телекомпаниясы Динара Асанова тууралу “Динара Асанова” аттуу документалдуу фильм тарткан. Динара Асанованын туулган күнү жана каза болгон күнү “Ленфильм” киностудиясы тарабынан жыл сайын эскерилип, белгиленет. Динара Асанова 1985-жылы 4-апрелде Мурманскиде лыжа тебүүчүлөрдүн мелдешин тартып жатып, көз жумган. Сөөгү Бишкектеги “Аларча” көрүстөнүнө коюлган. Кыргыз киночулары да бул күнү улуу таланттын кабырына гүл коюшуп, эскеришти. Кыргыз кинематографисттер союзунун төрагасы Таалайбек Бапанов:

-Динара Асанованын тарткан фильмдеринин баары өсүп келаткан жаштарга, алар жашоодо кабылган социалдык карама-каршылыктарга арналат. Ал турмуштун ачуусу менен таттуусун өз фильмдеринде курч чагылдырган сүрөтчү эле.” Бул жерде ага жумуш бербей коюшкан экен” деген сөздөр бар. Бул туура эмес. Тек гана Динара Асанова ВГИКтен алган режиссерлук билимин “Ленфильмде” колдоно билген. Динара Асанованын “Тоңкулдактын башы оорубайт” жана “Боз балдар” кинолору өтө эле белгилүү. Ушу күнгө чейин бул фильмдер өспүрүмдөр жөнүндөгү эң мыкты классикалык фильмдер болуп эсептелет, - деди Таалайбек Бапанов.
XS
SM
MD
LG