Линктер

logo-print
жекшемби, 04-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 22:47

Бакыт Аманбаев, Бишкек Конституциялык кеңешменин алгачкы жыйыны 28-апрелде өтөт. Анын катышуучулары Конституцияга киргизилчү өзгөрүүлөрдүн алгачкы долбоорун президенттик шайлоого чейин тактап, негизги долбоорду талапкерлерге сунуш кылышмакчы. Анткен менен кенешмечилер арасында Кыргызстанды кандай башкаруу ыкмасына өткөрүү, Башмыйзамга кантип өзгөрүү киргизүүнүн тууралуу бирдиктүү пикир жок.

Конституциялык кеңешменин курамы Жогорку Кеңештин 25-апрелдеги отурумунда бекитилген. Кеңешмеге 37 депутат, аткаруу бийлигинен он, сот органынан он, саясий партия, бейөкмөт уюм жана ишкерлерден баары биригип 57 өкүл кире турган болду. Кеңешменин курамы буга чейин жарандык коомдун өлкүлдөрүнүн катышуусунда өткөн жыйындарда такталгандыктан, анын курамы боюнча коомчулукта пикир келишпөөчүлүк орун алган жок. Жогорку Кеңештин жана Конституциялык кеңешменин төрагасы Өмүрбек Текебаевдин пикиринде, кеңешме Конституциялык өзгөртүүнүн алгачкы долбоорун президенттик шайлоого чейин жазып бүтүрүп, ал боюнча талапкерлердин убадасын алуусу зарыл:

- Талапкерлерге сунуш кылып, алардын убадасын эл алдында алалы деп жатабыз. Алар эл алдында өлкөнүн өнүгүү жолуна болгон мамилелерин ачык айтышы керек. Ошондой эле алар кимибиз президент болсок да ушундай саясий реформа жасайбыз деп убада бериши керек. Антпесе президент болгондон кийин өз сөздөрүнөн танып кетиши ыктымал,-дейт Конституциялык кеңешменин башчысы, Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев.

Кеңешме мүчөлөрүнүн берген маалыматына караганда, алгачкы жыйын 28-апрелде өтөт. Белгилей кетүүчү нерсе, коомчулукта азырынча Конституция реформасынын зарылчылыгы боюнча карама-каршы пикир жок жана өлкөдөгү бардык саясий күчтөр саясий реформа жүргүзүү демилгесин колдошот.

Башмыйзамдын 96-беренесине ылайык Конституциялык өзгөртүү президент тарабынан дайындалган референдум же Жогорку Кеңештин депутаттары тарабынан киргизилет. Буга байланыштуу жаңы өзгөртүүгө ылайык Кыргызстанды кайсыл башкаруу ыкмасына өткөрүү зарыл жана Конституциялык өзгөртүүнү кайсыл жол менен кабыл алуу керек деген суроолордо олуттуу пикир келишпөөчүлүктөр орун алууда. Кеңешменин мүчөсү, Кыргызстандын Малайзиядагы мурдагы элчиси Мамбетжунус Абылов мындай дейт:

-Биз Жогорку Кеңеш менен өзгөртүүнү колдоп жатабыз. Анткени ага каражат да аз кетет.

Ал эми депутат Марат Султанов башкача жолду сунуштайт:

- Адегенде алгачкы долбоор иштелип чыгып элдин талкуусуна сунушташ керек. Эл референдум аркылуу өз оюн билдириш керек. Андан соң элден түшкөн сунуштар Жогорку Кеңеш тарабынан талкууланып бекитилиш керек. Ошондо чыныгы Конституцияны кабыл алабыз.

Кеңешме мүчөлөрүнүн арасында жаңы өзгөртүүгө ылайык Кыргызстанды чыныгы президенттик, парламенттик жана аралашма мамлекеттик башкаруу ыкмасына өткөрүү зарыл деген үч түрдүү пикир орун алууда:

-Биздин партия башынан эле парламенттик башкаруу ыкмасына өткөрүүнү колдоп келет. Бул Кыргызстан үчүн өтө ыңгайлуу,- дейт депутат Исхак Масалиев.
Ушундай эле пикирди Феликс Кулов жетектеген «Арнамыс» жана башка саясий партиялар колдошот. Ошол эле мезгилде жогорудагыдай пикирге айрым саясатчылар жана саясий партия өлкүлдөрү макул эмес:

- Накта парламенттик башкарууга өтүшкө али эрте. Эгерде парламенттик башкарууга өтө турган болсок, дагы бир чоң жаңылыштык кетирип, он жээктен, сол жээкке өткөн болобуз. Парламент Ош базарына окшоп калат,-
деди Жогорку Кеңештин төрагасы Өмүрбек Текебаев.
XS
SM
MD
LG