Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 23:23

27-апрелге карата аба ырайы тууралуу маалымат


БИШКЕК. Аба ырайын маалымдоо борборунун билдирүүсү боюнча, апрелдин жыйырма жетисинде Ош, Жалалабат, Баткен облустарынын айрым жерлеринде гана кыска мөөнөттө жамгыр жаайт. Ал эми калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт.


Абанын температурасы:
Талас өрөөнүндө түнкүсүн +7...+12, күндүз +21...+26 градус жылуу.
Чүй, Жалалабат, Ош, Баткен аймактарында түнкүсүн +9...+14, күндүз +22...+27 градус.
Ысыккөлдө түнкүсүн +5...+10, күндүз +18...+23 градус жылуу
Нарын облусунда түнкүсүн +5...+10, күндүз +20...+25 градус.
Ордо калаа Бишкекте күн ачык болуп, батыш тараптан жумшак желаргы жүрүп турат. Абанын температурасы түнкүсүн +12...+14, күндүз +24...+26 градус.
Күндүн узактыгы 13 саат, 53 мүнөт.


Кабарлар топтомун Бүбүкан Досалиева, Айданбек Акмат уулу жана облустардагы кабарчылар даярдап, окушту.

XS
SM
MD
LG