Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:31

Нарын шаардык акимчилиги Чернобыль алааматын жоюуга катышкандарга сый-урмат көрсөттү


НАРЫН. Мындан 19 жыл илгери Чернобыль атомдук электростанциясында жарылуу болуп, анын кесепеттерин жоюуга Теңиртоо жергесинен 147 адам жөнөтүлгөн. 26-апрелде Нарын шаардык акимчилиги шаарда турукташкан чернобылчыларды чакырып, сый тамак берип, концерт тартуулады. Шаар акими Бейшеналы Боогачиевдин билдиргенине караганда, шаар боюнча жалпысы 39 чернобылчы бар болсо, бүгүнкү күнгө карата алардын үчөө дүйнөдөн кайткан. Социалдык жактан коргоонун шаардык бөлүмүнүн башчысы Айша Дүйшөгулова тиешелүү мамлекеттик жардамдар жагынан чернобылчыларды көйгөй жоктугун белгилеп, аларга жүз сомдон нак акча берилгендигин маалымдады. Бир катар мекеме, уюм ишканалардын өкүлдөрү жана жеке атуулдар да айрым чернобылчыларга демөөрчүлүк көрсөтүштү.

XS
SM
MD
LG