Линктер

ишемби, 10-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 21:19

Банкка кол салынды


БИШКЕК.25-апрелге караган түндө «Аманбанктын» Бишкектин алтынчы кичи районундагы бөлүмүнө кол салуу болуп, бир милиционер окко учту. Ички иштер министрлигинен алынган маалыматка караганда, банкка беткап кийген үч адам кол салышып, атышуудан жарат алган милициянын сержанты Абдыбек Абдылдаев ошол жерден көз жумган. Уурулар милиционердин Макаров тибиндеги тапанчасын жана 2 миң долларды алып кетишкен. Ишти иликтеп жаткан Октябрь райондук ички иштер бөлүмүнүн кызматкерлери уурулар түшкөн автомобилди табышты деген маалымат бар.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG