Линктер

logo-print
шейшемби, 6-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 09:00

Экс-президентке тиешелүү ишканалардын тизмеси узарып баратат


БИШКЕК. Кыргызстандын экс-президенти Аскар Акаевдин үй-бүлөсү менен жакындарына тиешелүү деп тизмеленген 42 ишкананын ичинен 5 ишкана чыгарылып, кайра 12 ишкана кошулду. Бул тууралуу вице-премьер-министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов билдирди. Анын айтымында, тизмеден чыгарылгандардын арасында Токмоктогу «Интергласс» жана Бишкектеги «Мадина» базары бар. «Интергласс» заводунун жамааты өкмөткө кайрылып, ишкананы текшерүүнү токтотууну өтүнгөн. Ал эми экс-президент Аскар Акаев 24-апрелде «Азаттык» радиосуна берген интервьюсунда «Интергласс» заводунун экс-президенттин ишканасы деп тизмеге алынышы натуура деп билдирип, заводдун жетекчилиги ага кайрылганын кабарлаган. Ал эми вице-премьер- министрдин милдетин аткаруучу Данияр Үсөнов Акаевдин күйөө баласы Адил Тойгонбаевден Канттагы шифер заводун сатуудан көргөн пайдасы үчүн салык сөзсүз алынаарын билдирди.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG