Линктер

logo-print
дүйшөмбү, 05-декабрь, 2016 Бишкек убактысы 07:08

БАШКЫ РЕДАКТОР АБАКТАН ЧЫКТЫ


Замира Кожобаева, Прага Казакстанда “Республика. Деловое обозрение” деп аталган оппозициялык басылманын башкы редактору Ирина Петрушова Орусиянын Волокаламск шаарында жергиликтүү тартип коргоо органдары тарабынан кармалган. Ал эми 25-апрель күнү Алматы шаарындагы Орусия консулдугунун алдына чогулган саясатчылар, эларалык жана бейөкмөт уюмдардын өкүлдөрү бул окуяга байланыштуу нааразылыктарын билдирген кайрылууну Орусия консулдугуна тапшырышты. Ошол эле күнү кечке жуук журналист боштондукка чыкты.

Казакстандагы бирден-бир оппозициялык көз караштагы эркин басылманын башкы редакторунун Орусияда кармалышы атуулдук коомдун тынчсыздануусун туудурду. Дүйшөмбү күнү Алматыдагы Орусия консулдугунун имаратынын алдына чогулуп, бул окуяга нааразылыгын билдирген адамдардын бири, Казакстан парламентинин мурунку депутаты Төлен Токтасынов журналисттин Орусия милициясы тарабынан кармалышында саясий маани бар деген оюн билдирди. Анын айтымында, бул “Республика. Деловое обозрение” гезитинин ишине бут тосууга жасалган аракет:

-Менин оюмча, башкы редактордун кармалышынын эки гана максаты бар: биринчиден оппозициялык гезитти жабуу, экинчиси коркутуу, мындан башка эч себеби деле жок.

Ал эми дагы бир оппозициялык басылма “Апта-КZ” гезитинин башкы редактору Жасарал Куанышелин Ирина Петрушованын кармалышын келерки президенттик шайлоого түздөн-түз байланышы бар деп эсептейт:

-Президенттик шайлоо жакындаган сайын ошол шайлоого баруучу жолду тазалоо жүрүп жатпайбы. Жеке саясатчылардын, айрым атуулдардын жана маалымат каражаттарынын баш көтөргөндөрүн сесин кайтаруу же колдон келсе жаап таштоого аракеттер көрүлүп жатат. Көрүп турабыз: президенттин айланасындагылардын баары шайлоого жетүү үчүн ар кандай иштерге барып жатышат.


“Республика. Деловое обозрение” гезитинин башкы редакторунун орунбасары Галина Дырдинанын маалымдоосу боюнча, Ирина Петрушова паспорттук эрежеге байланыштуу Волокаламск облустук ички иштер бөлүмүнө барган кезде кармалган:

-Ирина Петрушова өткөн жылы Казакстандын салык мыйзамын бузду деген айыптоосуна ылайык Казакстандын күч органдарынын суроосу менен кармалган окшойт. Биздин оюбузча, Казакстан бийлиги президенттик шайлоонун алдында атайын башкы редакторду кармоо менен өзүнө каршы гезитти жаап салууга аракет жасап жатат.


Бирок Казакстандын экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү боюнча агенттигинин басма сөз катчысы Александра Власова мындай маалымат тууралуу кабары жок экендигин билдирген.

Ал эми буга чейин Казакстан сотунун чечими менен жабылып калган “Казакстан демократиялык шайлоо” элдик партиясынын өкүлү Владимир Козлов 25-апрель күнү түштөн кийин Волокаламск шаардык прокурору менен байланышканын “Азаттыкка” кабарлады:

-Алардын Ирина Петрушованы кармоого негизи бар го. Анткени, бул тууралуу Казакстан баш прокуратурасынын атайын өтүнүчү бар окшойт. Болбосо алар жок жерден казак атуулун кармашпайт эле.

Бирок Казакстан башкы прокуратурасынын маалымат кызматы муну четке какты. Маалымат катчысы Алим Хайдаровдун айтымында, Казакстандын Башкы прокуратурасы тарабынан Орусияга Ирина Петрушованы кармоо тууралуу эч кандай кайрылуу болгон эмес.

Ошол эле күнү “Азаттык” үналгысынын суроолоруна телефон аркылуу жооп берген Волокаламск шаардык прокурорунун орунбасары Виктор Тюленев Ирина Петрушованын Казакстандын тартип коргоо органдарынын өтүнүчү менен кармалып отурганыңдыгын кабарлаган:

-Ал Казакстан республикасынын кылмышкерлерди издөө органдарынын суроосу менен кармалган.


Бирок дүйшөмбү күнү кечинде Ирина Петрушованын бошотулгандыгы тууралуу кабар келип жетти. Жыл башында сот чечими менен жабылган “Казакстан демократиялык шайлоо” партиясынын жетекчиси Владимир Козлов “Азаттыкка” билдиргенине караганда, ал мындай маалыматты Ирина Петрушованын жактоочусунан алган. Жактоочу Орусиянын тартип коргоо органдарынын Ирина Петрушованы кармоого эч кандай акысы жок экендигин жана аны дүйшөмбү күнү кечке жуук кое беришкендигин билдирген.

Ушуну менен журналист Ирина Петрушова Орусия жеринде күч органдары тарабынан экинчи жолу кармалып отурат. Буга чейин ал Орусиянын тартип коргоо органдары тарабынан өткөн жылы март айында Санкт-Петербург шаарында кармалып, кайрадан боштондукка чыккан болчу.
XS
SM
MD
LG