Линктер

шейшемби, 21-февраль, 2017 Бишкек убактысы 23:29

Немис канцлери Шрөдер Парижде президент Ширак менен жолукту


Алманиянын канцлери Герхард Шрөдер бүгүн Париж шаарына келип, Франция президенти Жак Ширак менен жолукту. Эки жетекчи мамлекет аралык экономикалык байланыштарды тереңдетип-кеңейтүү маселелеринен тышкары Европа биримдигинин жаңы Конституциясынан чыккан талаш-тартыштарды да талкуулады жана Шрөдер бул маселе боюнча Ширактын турумун колдоду. Акыркы сурамжылоолорго караганда, 29-май күнү өтө турган референдумда Франция эли Конституцияны жактырбай коюшу мүмкүн.

Азаттык Фейсбукта

XS
SM
MD
LG