Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 20:08

Сириялык аскерлер Ливандан чыгарылды


Ливан-Сирия чек арасына жакын жайгашкан Раяк аттуу аскерий базада бүгүн сириялык аскерлердин Ливандан чыгарылып жатканына байланыштуу салтанат өткөрүлдү. Мындан эки ай мурда Ливанда 14 миң сириялык аскер бар болчу, азыр алардын 300 гана калды. 14-февралда өлкөнүн мурдагы премьер-министри Рафик Харири өлтүрүлгөндөн кийин, Ливанда дээрлик күнүгө антисириялык демонстрациялар болуп, акыр-аягында эларалык коомчулуктун басымы алдында Сирия өз аскерлерин өлкөдөн чыгарып кетүүнү чечкен. Аскерлер Ливияга ичара согуштaн алдын-алуу максатында 1976-жылы киргизилген жана 1990-жылдарда алардын саны 40 миңге жеткен.

XS
SM
MD
LG